Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

КЫЗЫЛ АЯНТТА АСКЕРДИК ПАРАД ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Москва Москвада 9-майда Жеңиш Күнүнүн 63 жылдыгына арналган аскерий парад өттү. Кызыл Аянтта 100 даанадан артык согуштук техника катышкан параддын өтүшү 18 жылдан кийин биринчи жолу болгон. Алардан тышкары Орусиянын башкы аянтынын үстүнөн согуштук учактар жана тик учмалар да өтүштү. Согуштун ветерандарын президент Дмитрий Медведев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/BF9EE59D-0166-463A-92F7-560DE1997CDD.ASP куттуктап сөз сүйлөдү. Медведев өз сөзүндө согуш сабактарын унутпоого чакырды. Орусиянын башка шаарларында да аскерий параддар жана демонстрациялар болду.

Буга дейре Кызыл Аянт менен танк жана ракета алып өтүү 1990-жылы 7-ноябрда болгон. Арадан он сегиз жыл өткөндөн соң согуштук парад өткөрүлүп, ал жерде президент Дмитрий Медведев сөз сүйлөдү:

-Расалык жана диний касташууну жайылтууга, идеологиялык террор менен экстремизмдин отун тутандырууга, башка мамлекеттердин ишине кийлигишүүгө, айрыкча чегара маселесин кайра кыюуга аракет кылуучулуктун кандай гана түрү болбосун ага өтө олуттуу кароо керек.



Парадга 8 миңге чукул аскер кызматындагылар жана 110 даана согуштук техника ошондой эле 30 учак жана тик учма катышты.

Бул жолку согуштук куралдардын түрүн көпчүлүккө көргөзүү маалында анын эң олуттуусу - өз алдынча жүрүчү «Тополь» аталыштагы ракеталык комплекс болгонун айтышат. Бирок аскерий адистер анын эскиргенин айтышты.



Байкоочу Александр Гольцтун айтканына караганда, Орусиянын куралдуу күчтөрү урунуп атышкан куралдар мындан 15-20 жыл мурда ойлонуп табылган согуштук жарактар. Ошондуктан аларды орусиялык гана аскер башчылар жаңы курал деп эсептешет:

-“Су-34” учагы, “Искендер” ракетасы же “Тополь-М” ракетасынын бардыгы 80-жылдардын аягында жасалган.

Жер менен жүрчү техника Кызыл Аянттан өткөндөн кийин асманда, жерден 300 метр бийиктикте абдан чоң учак «Руслан», бомба таштоочу Ту-95, истребителдер «МиГ» жана «Су» тибиндеги учактар менен Ми-8 тик учмалар сызып өтүштү.



Согуштук техника катышкан параддар: Санкт-Петербург, Калининград, Екатеринбург, Хабаровск, Владивосток, Петропавловск-Камчатск калааларда өткөн. Аскерий параддар: Самара, Волгоград, Ростов-на-Дону, Кемерово, Челябинск, Томск, Иркутск, Красноярск жана Североморск калааларда өткөн.

Көп жылдардан кийин Кызыл Аянтка согуштук параддын кайтып келишин байкоочулар Кремлдин, алгач эле Батышка карата «баралыма келип турам, мага тийишпе” деген эскертүүсү дешет.



“Daily Telegraph” жазганга караганда: «Кансыз согуштун өтө катуу адатын президент Путин кайрадан калыбына келтирүү үчүн буйрук берди. Муну менен ал Орусия согуштук кайра жаралуунун алдында деп эскертип аткандай» - деп жазат. Ал эми Би-би-си «Орусия кайра да олуттуу согуштук держава боло баштадым дегиси келет» деп кабарлайт.

XS
SM
MD
LG