Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

ИРАНЧЫЛ “ХЕЗБОЛЛА” БЕЙРУТТА БИЙЛИГИН ОРНОТО БАШТАДЫ


Амирбек Усманов, Прага Бейрутта үч күндөн бери премьер-министр Фуад Синораны колдогон күчтөр менен иранчыл «Хезболла» тобунун кагылышуусу уланууда. Уруштан кеминде 10 киши өлүп, 20дай адам жарадар болгону маалымдалды. Чатак шаршемби күнү Ливан --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/05/3AD0091A-2CD2-475C-B673-03EA9B2ACF66.ASP өкмөтү «Хезболла» көзөмөлдөгөн телекоммуникация түйүнүн мыйзамсыз деп жарыялагандан кийин башталган. 7-майда Бейрут аэропортуна мыйзамсыз байкоо салган «Хезболланын» жашыруун орнотулган видеокамералары да токтотулган. Кагылышуулардан улам өлкөдө кайрадан жарандык согуш чыгып кетиши ыктымал деген коркунуч өсүүдө.

Ливан өкмөтүнүн «Хезболлага» караштуу телекоммуникация түйүнүн жана Бейрут аэропортуна мыйзамсыз байкоо салган видеокамераларды жабуу аракетин хезболлачылардын лидери Хасан Насрулла «согуш ачуу» деп баалады жана өкмөттү антисириячыл саясатчы Валид Жумблатка жетеленет деп сындады:

-Бул чечим, баарынан мурда, согуш жарыялоо жана уруш баштоо. Бул ыклас эмес. Бул Валид Жумблаттын өкмөтүнүн оппозицияга согуш жарыялаганы. Бул иштен Америка жана Израил пайда табат.

Шииттердин «Хезболла» уюмун Иран жана Сирия колдойт. Ливандын өкмөтүндө суннитер үстөмдүк кылат.

Соңку кабарларга караганда, хезболлачылар Бейруттун көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, суннидердин өкмөтчүл Future news телестанциясын жапты.

Калабага байланыштуу Бейрут аэропорту менен деңиз порту иштебей калды. Парламенттик көпчүлүктүн лидери, сунни Саад Харири, анын санаалашы, друздардын лидери Валид Жумблатт үйлөрүндө жашырынып отурат. Маалыматтарга караганда, премьер-министр Фуад Синора да резиденциясында камалып жатат.

Саад Харири бейшемби күнү кечинде «Хезболланы» урушту токтотууга чакырды:

- Жаңы шайланган президент Эмиль Лахуддун жетекчилиги астында токтоосуз улуттук диалог өткөрүүгө чакырам. Хасан Насрулла президент Лахуддун калыстыгына, мекенчилдигине жана анын талаш суроолордун баарын талкуулаганга арачылык кылуу жөндөмдүнө ишенгенин билдирген.

«Хезболланын» ээлигиндеги «ал-Мансур» телеканалынын билдиришинче, хезболлачылар Хариринин сүйлөшүү жөнүндөгү сунушун четке каккан.

Ливан өкмөтүнүн башкы колдоочусу Сауд Арабиясы Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин шашылыш жыйынын өткөрүп, Ливандагы кырдаалды талкуулоону сунуш кылды. Улуттар Уюму да карлышкан тараптарды тынчтыкка үндөдү. АКШ болсо «Хезболланы» Ливандагы «бузукулук аракеттерин токтотууга» чакырды.

Азырынча Ливан армиясы эч жактын таламын албай турат. Байкоочулар арасында армия урушка аралашса эле, өлкөдө 1970 жана 1980-жылдардагыдай жарандык согуш башталып кетиши ыктымал деген коркунуч күчтүү.

XS
SM
MD
LG