Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

КЫРГЫЗ СОМУ: ОЙЧУЛ ОЙЛОНГУЧА, ТОБОКЕЛЧИ СУУ КЕЧЕТ


Мындан туптуура он беш жыл илгери Кыргызстандын улуттук акчасы – сом жүгүртүүгө киргизилген. Совет өлкөсү урап, эгемен республикалардын биртобу өзүнчө акча бирдиктерине өтө баштаган чакта жасалган бул кадам гиперинфляциянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/7FF7A83D-B9C7-415B-8209-CDB3C21307B6.asp тизгинин тартууга, республиканын өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүүсүнө шарт түзгөн.

Өз алдынчалыкка жетишкен мурдагы союздук республикалардын ичинен Балтика боюндагы өлкөлөр биринчилерден болуп өз акчасына өтүшкөн. Аларга удаа Украина өлкө ичиндеги экономикалык алака-беришти талон системасына көчүргөн. Мурдагы Советтин мураскору Орусиянын рубль мейкининде калган башка республикалардын арасынан Кыргызстан алгачкылардан болуп өзүнүн улттук акчасын киргизген.

Улуттук банктын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбалытегиндин ырасташынча, улуттук акчаны киргизүүнүн алдында анын экономикалык себеп-натыйжасы кылдат иликтенип чыккан.

- 1992-жылдын менин билишимче 1-июлунан баштап Орусиянын борбордук банкы бүт жанагы 15 республикага которуy эсебин ачкан. Ошондо кайсы республиканын которуy эсебинде акчасы болсо гана ошонун төлөмү өтүп калган. Эгер керектүү акча болбосо ал жерде төлөмдөр жүрбөй калган. Бул мурдагы СССP чөлкөмүндө рубль акча катары жүргөн менен, накталай эмес акчалар, ар бир республиканын өзүнчө рубли болуп калгандыгын түшүндүрөт. Орусиянын борбордук банкынын саясатка такалган чечими ушинтип чыккан. Бирдиктүү рубль аймагын жок кылган чечим ушул болчу, - дейт Сүйөркул Абдыбалытегин.

Ошентип Орусия борбордук банкынын аракети менен советтик рубль мейкини ичара бөлүнүп, өзара республикалар ортосундагы экономикалык карым-катыш татаалдап, инфляция болуп көрбөгөндөй өсүп кеткен. Мурдагы советтик бирдиктүү экономикалык сиcтема дал-далынан кетип, аны ыраатка салуу мүмкүн болбой калган. Жагдайдан чыгуунун жалгыз жолу улуттук акчаны киргизүү зарылдыгын ыраcтап, кыргызстандык биртоп адистер эларалык каржы уюмдарынын кеңеши менен Кыргызстан үчүн таптакыp жаңы экономикалык аракеттин пайда-зыяны, тобокелчилигин эсептеп чыгышкан.

- Биринчи жолу 1993-жылдын мартында мурунку СССРге кирген республикалардын деңгээлинде Кыргызстан улуттук акчаны колдонууга киргизүү даярдыгына киришкени жарыя кылынган. Буга чейин эле Литва, Латвия, Эстония, мен билгенден Украина “карбованцы” деген талондорду киргизген. Өзбектер да өзүнчө талон киргизгенге үлгүрүп калышкан. Бул накталай акчаларды көзөмөлөдөп туруунун бир жолу болчу, - деп эскерет Улуттук банк төрагасынын орунбасары Сүйөркул Абдыбалытегин.

“Легендарлуу парламенттин” улуттук акчаны жүгүртүүгө киргизүү тууралуу чечиминде жаңы иштин жоопкерчилиги толугу менен кыргыз өкмөтү, президентине жүктөлөрү белгиленген. Тобокелчил иштин натыйжасы дурус болоруна ишенген кишилер аз, ишенбегендери көп болгон.

Сүйөркул Абдыбалытегиндин маалымдашынча, сомду киргизүүнүн экономикалык эсеп-кысабын Улуттук банктын а кездеги төрага орунбасары Э.Абдуманапов иштеп чыккан. Жаңы иштин алгачкы натыйжасы кандай болду?

- Улуттук акча киргенге чейин Кыргызстанда инфляциянын көрсөткүчү 1000% ашып турса ал киргенден кийин, мен болжолдуу айтып жатам, инфляция бир жылда 130% чейин төмөндөгөн. А кийинки жылы болсо жаңылбасам, 80% түшкөн. Үчүнчү жылы 40%, ал эми беш жылда болсо инфляция деңгээли бизде 16% түштү, - дейт Сүйөркул Абдыбалытегин.

Кыргызстан экономикасынын гиперинфляция чеңгелинен чыгышы улyттук акчанын жүгүртүүгө киргизилишине, өлкөнүн өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүшүнө мүмкүндүк алышына байланыштуу болду.

Экономика илим кандидаты Кылычбек Супатаевдин пикиринде, сомду кармап турууга чоң колдоо көрсөтүлүп келатат.

- Анан бир жагынан сомду кармап туруш үчүн көмөк көрсөтүлүп жатат.

Мындан сырткары сомдун туруктуулугуна чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар жөнөткөн акчалар да олуттуу таасирин тийгизүүдө.

- Расмий-бейрасмий маалыматтар боюнча жылына 600-700 миллион доллар келип түшүп жатканы айтылып жатпайбы. Эми алардын банк аркылуу которулганын эсептеп жатышат. Банк аркылуу эмес чөнтөктө келгендери деле көп болуп жатпайбы,- дейт Кылычбек Супатаев.

1993-жылы 1 сом 200 орус рублине алмашылган. 1 АКШ доллары 4 сомго бааланып, бул катыш 2001-жылы 48 сомго чейин көтөрүлгөн. Азыр ал 36 сомдон ашуун. Кайриет, сомдун казак теңгеси менен өзбек сумуна катышы баштапкы калыбынан анчалык өзгөргөн жок.

XS
SM
MD
LG