Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

ВАШИНГТОН ЛИВАНДАГЫ КРИЗИС ҮЧҮН ИРАН МЕНЕН СИРИЯНЫ АЙЫПТАДЫ


Амирбек Усманов, Прага Бейрутта кырдаал татаал бойдон калууда. АКШ Иранды жана Сирияны шийитердин «Хезболла» уюмун күшкүштөп, Ливандагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/9D4C1135-FF64-4E1B-A5C9-57B23ABFB908.ASP кырдаалды курчутууда деп күнөөлөдү. Соңку маалыматтар боюнча, хезболлачылар менен Батыш колдогон Ливан өкмөтүнүн тарапкерлери арасындагы кагылышууларда кеминде 18 адамдын каны төгүлдү. Чатак шаршемби күнү Ливан өкмөтү «Хезболла» көзөмөлдөгөн телекоммуникация түйүнүн жабууну буйругандан кийин башталган.

Вашингтон Иранды жана Сирияны ливандык шийилердин «Хезболла» уюмун колдоолорун токтотууга, ал эми «Хезболланы» өкмөттүн мыйзамдуу чечимине баш ийүүгө чакырды:

-Бизди «Хезболланын» акыркы күндөрдөгү аракеттери аябай тынчсыздандырат. Биз «Хезболланы» демократиялык жол менен шайланган Ливан өкмөтүнүн мыйзамдуу чечимдерине каршылык көрсөтүүсүн токтотууга чакырабыз. Биз, ошондой эле, Иран менен Сирияны «Хезболланы» колдобоого жана Ливанды бейстабилдештирүүнү токтотууга үндөйбүз, - деп билдирди Ак үйдүн өкүлү Гордон Жондру жума күнкү маалымат жыйынында.

АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс болсо Вашингтон Ливандын премьер-министр Фуад Синора башындагы өкмөтүнө жардам берерин билдирди.

Ливандын Батышка таянган башкаруучу коалициясы «Хезболланын» өкмөттүн чечимине каршы курал көтөрүүсүн Ирандын жана Сириянын таасирин калыбына келтирүүнү көздөгөн «төңкөрүш» деп атады.

- Бейрутта жана шаардын аэропортуна болгон окуялар - «Хезболланын» куралдуу төңкөрүшү. Бул Конституцияга, улуттук элдешүүгө, Ливанда бардык куралчан топторду тыйган 1701-эларалык чечимге каршы жасалган төңкөрүш. Анын максаты мамлекетти алсыздатуу, экриндикке жана демократияга чабуул койуу, - деп айтылат коалициялык өкмөткө кирген христиандардын лидери Самир Жажа окуп берген билдирүүдө.

Оппозициянын маалымдашынча, саясый кризис жөнгө салынмайын «Хезболла» Бейрутка кирген жолдорду бууп тура берет.

Жума күнү «Хезболла» жана анын союздаштары Батыш Бейруттун суннилер жашаган бөлүктөрүн басып алышып, өкмөтчү гезиттерди жапкан. Ливан армиясы кырдаалга кийлигишкен жок. Армия урушка тартылса, Ливанда дагы бир чоң калаба чыгып кетет деген кооптонуулар күчтүү.

АКШ өкмөтү Ливандагы кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен масилээт өткөрүүдө.

Сауд Арабиясы кризисти токтотуу үчүн Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынын өткөрүүгө чакырган.

Ырасмий Тегеран Ливандагы курч кырдаал үчүн АКШ менен Израилди күнөөлөдү жана Иран кризисти жөндөөгө аракет кылып жатканын билдирди.

Сириянын президенти Башар Асад Ливандагы саясый кризисти «өлкөнүн ички иши» деп атады. Сирия өз аскерлерин Ливандан 2005-жылы чыгарып кеткен. Ошондон кийин Иран жана Сирия «Хезболланын» согушчандарын толук куралданганын тастыктаган маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG