Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Роза Даудованын “Азаттыкка” бүгүн билдирүүсүнө караганда, Игорь Чудинов 12-майда Ысыккөлдүн Тоң, Жетиөгүз райондорунда болот. 13-майда өкмөт башчы Кумтөр кенине жумуш сапар жасайт. Сапардын максаты Кумтөр боюнча “Центерра голд инк” компаниясы менен түзүлө турган жаңы келишимге байланыштуу. Белгилүү болгондой “Центерра голд инк” менен кыргыз өкмөтү май айынын аягына чейин жаңы келишимге жетишүүнү белгилеген. (AiT)