Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

СЕРБДЕР ЖАҢЫ ПАРЛАМЕНТТИ ТАНДАП ЖАТЫШАТ


Сербияда эрте парламенттик шайлоо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/1E148238-1190-43B0-B9AA-30E85DB3491F.asp өтүп жатат. Президент Борис Тажичтин батышчыл альянсы улутчул радикал партиясы менен теңме тең баратат. Өлкө Европа биримдиги менен интеграция жолуна түшөбү же обочодо калабы? Шайлоо дал ушул суроого жооп берет деп күтүлүүдө.

Косово эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин тутунган ички кризистин натыйжасында март айында Сербиянын коалициялык өкмөтү ыдырап кеткен эле. Улутчулдар провинциянын кадамын колдогон Евробиримдикке жооп кайтаруу ирээтинде Москва менен жакындашуу жолун тандоону сунуш этишсе, батышчыл партиялар экономикалык кызыкчылыктардан улам, Брюссель менен алакаларды кеңейтүү керектигин айтып келишкен.

Ошентип бүгүнкү шайлоо Сербиянын Европадагы келечеги боюнча референдум катары каралууда.

Муну жакшы түшүнгөн Брюссель үстүбүздөгү аптада серб жарандары үчүн 17 өлкөгө визанын акысын арзандатууну сунуш кылды. Өткөн жумада болсо Евробиримдик менен Сербия Стабилдүүлүк жана кызматташтык келишимине кол коюшту. Президент Борис Тажич жана анын шериктери муну өлкөнүн шаркетке кошулуу жолуна түшкөнүнөн кабар берген оң ишара катары баалашты. 7-майда шайлоо кампаниясын аяктап жатып Тажич мындай деген:

-11-май күнкү шайлоону референдум деп атаса болот. Эл биз Европага киребизби же обочодо калабызбы деген маселеде өз оюн билдирмекчи.

Улутчул Радикалдар партиясы болсо биримдик батышчыл партияларга добуш чогултуу үчүн куру убадаларды берип жатат деп айыптоодо.

Тажичтин мурдагы шериги, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Воислав Коштуница Брюссель менен келишимге кол коюуну добуштарды сатып алууга теңеди.

Ат салышка катышып жаткан негизги партиялар болжолу менен бирдей сандагы мандат алышы ыктымал. Радикал партиянын төрага орун басары Томислав Николичке жыл башындагы президенттик шайлоодо жеңиш үчүн бир аз добуш жетпей калган. Партиянын лидери, учурда Гаагадагы эларалык трибуналда отурган Воислав Шешель согуш кылмыштары үчүн шектелгендерди өткөрүп бербей турганын, Брюсселге караганда Москва менен мамилелерди өнүктүрүүнү артык көрөөрүн азыртадан эле айтууда.

8-майда Роейтерске берген интервьюсунда Николич серб улутчулдугун мындайча коргоду:

-Ооба, биз улутчулбуз. Ушундай эле улутчулдар АКШ, Франция, Грецияда бар. Биз эч кимге зыян алып келбейбиз. Бирок Сербияны эч кимге бербейбиз. Биз Косовону колдон чыгаргыбыз келбейт, бул үчүн Батыш маалымат каражаттары бизди жаманатты кылып жүрүшөт.

Албан өкмөтүнүн жана улуттар уюмунун каршылыгына карабай, Сербия Косоводо улуттук жана жергиликтүү шайлоо уюштурду.

Аналитиктер, өнөктүктү кимиси жеңсе да, Сербия бейстабилдүүлүктүн жаңы айлампасына кириптер болот деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG