Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:19

14-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Орус элчилери 1683-жылдын 14-майында кайра кайтканда, кыргыз беги Кашканын уулу Кубага алар менен кошо Томскиге келген. Орус императору 1883-жылдын 14-майында кыргыздын айтылуу тарыхый инсаны Шабдан Баатырга Аскер старшинасынын чинин ыйгарган.

Энесайлык кыргыздардын саясий жана аскердик таасири XVII кылымдын ортото чениндеги Еренак өкүмдарлык кылган мезгилде туу чокусуна жеткен. Сибирдеги орус бийлиги кыргыздар менен сүйлөшүү жүргүзүш максатында И. Петров жана А. Поспеловду элчиликке жөнөткөн. Алар кыргыз бектери менен жолугушуп, тийиштүү маселелерди талкуулап, орус элчилери 1683-жылдын 14-майында кайра кайтканда, кыргыз беги Кашканын уулу Кубага алар менен кошо Томск шаарына келген. Кыргыз жетекчилиги ага Москва шаарына Еренактын катын жеткирүү тапшырмасын жүктөгөн. Кат Еренактын атынан монгол тилинде жазылып, анда кыргыздардын эркин калк экендиги белгиленип, орус бийлиги менен кызматташууга даяр тургандыгы айтылат.

Токмок шаарынын кашындагы орус кыштактарынын орун алышына генерал Черняев зор салым кошкон. Генералдын буйругуна ылайык 1864-жылдын бу күндөрү мындагы кокондуктардын чебинин чалдыбарына жакын жерге орус кыштагы түптөлө баштаган. Орус стратегдеринин боолгосуна ылайык Токмок шаары Олуяата менен Верный ортосундагы байланышты камсыздоо максатында жана кокондуктардын күч алышын ооздуктоо үчүн курулган.

Орус императору 1883-жылдын 14-майында кыргыздын айтылуу тарыхый инсаны Шабдан Баатырга Аскер старшинасынын чини менен кошо алтын чынжырга тагылган алтын саат жана 1-даражадагы ардактуу чепкен менен сыйлаган.

Фрунзе шаардык суу түтүктөрүн куруш үчүн 1927-жылдын бу күнү өткөрүлгөн ачык соода атаандаштык кырдаалда жүрдү. Борбор шаарды суу менен камсыздоо курулушуна Кыргыз мамлекеттик курулуш жана шаардык түзөтүү мекемеси арыз талаптарын беришкен. Шаардык түзөтүү мекемеси суу түтүктөр курулушун абактагы адамдардын күчү менен арзан жана ылдам сала тургандыгын билдирген.

Кыргыз мамлекеттик курулуш ишканасы борбор шаарды суу менен камсыздоо курулушуна жүздөгөн адамдар тартылып, жаңы жумушчу орундары ачылып жумушсуздардын саны азаят деп ишендирген. Акыры курулуш ишин Кыргыз мамлекеттик курулушка тапшырып, эгер ишкана жумушчуларды эмгек биржасынан ала турган болсо, ага 154 145 рубль бөлүнө тургандыгы билдирилген. Бирок Шаардык кеңеште каражат табылбагандыгына байланыштуу суу түтүктөрүнүн курулушу белгисиз мөөнөткө калтырылган.
XS
SM
MD
LG