Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

16-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1813-жылдын бу күнү орус аскер адамы Филипп Назаров Кокон ханыдыгына сапар алган. 1938-жылдын бу күнү Фрунзе Асфальт бетон заводу ишке киришти.

1878-жылдын бу күндөрү Чүй өрөөнүн сел каптап, ал уезддин борбору Токмокко зор зыян алып келген. Колониалдык бийликтин чечимине ылайык, жабыр тарткан Токмок шаарынан уезддик башкаруу «убактылуу» Пишпекке көчүрүлүп келген. Кийинки тарых өнүгүүсү көрсөткөндөй Токмок борборго айлана алган эмес, ал эми Бишкектин географиялык ыңгайы анын өлкө борбору болуп калышына бирден бир себепкер болгон.

Орус аскер адамы Филипп Назаров 1813-жылдын бу күнү Кокон хандыгына сапар алган. Ал хандыкка баалуу белек, бечкек алып, расмий мааниде кокондуктар менен байланыш түзүү милдетин көздөгөн. Ошол эле убакта орус бийлиги Назаровдун элчилиги аркылуу хандык туурасында чалгын үчүн керектүү материал топтоону каалаган.

Фрунзе Асфальт бетон заводу 1938-жылдын бу күнү ишке киришти. Шаардык бийликтин чечимине ылайык заводдун биринчи продукциясы Өкмөт үйүнүн астын асфальттого арналган жана ага эки катар асфальт төшөлгөн.

Фрунзе шаардык автобазасы 1946-жылдын бу күндөрү борбордо токтоп калган шаардык жүргүнчүлөрдү ташууну кайра калыбына келтирди. Шаар көчөлөрүндө «ЗИС-16» маркасындагы төрт гана автобус каттап, алар күнүнө 5 миң жүргүнчү ташуу менен чектелген.

Кыргыз телеграф агенттиги 1964-жылдын бу күнү Фрунзе шаарынын айрым ишканалары Египеттеги Асуан ГЭСинин курулушуна тартылышат деген кабар таратты. Борбор шаардагы контролдук-ченөө ишканасы ГЭС үчүн бийиктик өлчөгүч приборду, Фрунзе ремонтоо заводу универсалдык курчуткуч станокторду Асуан ГЭСинин жиберүүгө милдеттенме алды.

«Мурзилка» журналынын биринчи саны 1924-жылдын бу күнү жарык көрдү. Журнал жаш жеткинчектерге арналып, анын беттеринде өспүрүмдүн жетилүүсү жана окуп билим алышы үчүн керектүү материалдар жарыяланып турган. Журнал бүткүлсоюздук масштабда чыгарылып, ал кыргызстандык окуурмандардын да колуна тийип, миңдеген жеткинчектердин сүймөнчүк журналына айланган.

КПСС Борбордук комитетине караштуу Партиялык комиссия 1964-жылдын 16-май күнү кыргыздын көрүнүктүү саясий, коомдук ишмери жана таанымал агартуучу Касым Тыныстановду толук актаган чечим чыгарган. Партия комиссиясынын чечиминде, СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы 1964-жылдын 1-октябрында К. Тыныстановго чыгарылган сот өкүмүн жокко чыгарып, аны өмүрүнөн кийин актагандыгы айтылат.

Бу күнү, 1820-жылы тарыхчы С. Соловьев, 16-май 1899-жылы Социалисттик эмгектин баатыры Ашыраалы Маматурдиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG