Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

“ЧЫГЫШ ЭЛЕКТР” ИШКАНАСЫНЫН ДЕБИТОРДУК КАРЫЗЫ КАНЧА?


"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун Нарын филиалы боюнча электрди пайдаланууга болгон дебитордук карыз суммасы жыл башына карата жалпысы 495 млн. сомду түзгөн. Бирок эки айдан кийин карыз көлөмү 176 млн. сомго кыскарган. Жагдай иликтенүүгө алынганда негизсиз кыскартылган суммалардын дайыны ачыкталган.

Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Рысбек Шалтаев электр энергияга болгон дебитордук карыз өлчөмү "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун Нарын филиалы боюнча өткөн жыл аралыгында 69,1 млн. сомго өскөндүгүн мындайча билдирди:

- 2008-жылдын 1-январына жалпы дебитордук карыз 495,2 млн. сомду түзүп, 1-январь 2007-жылга карата 69,1 млн. сомго өскөн. Мунун ичинен элдин карызы делген 465 млн. сом болууда. Орточо бир абоненттин карызы 7799 сомго жеткен.

Бирок эки айдан соң карыз өлчөмү 176,4 млн. сомго кыскарган:

-2008-жылдын 1-мартына жалпы дебитордук карыз 353,2 млн. сом болуп, мунун ичинен элдин карызы 306 млн. сом болгон. Мындай кескин кыскарып кеткендиги "Чыгыш электр" акционердик коомунун 30-декабрь 2007-жылкы 138-буйругунун негизинде төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок делген абоненттердин карызынан 176,4 млн. сомду баланстан чыгарып салгандыктан болгон.

Облустук акимчилик 127 абонентти талдоого алганда, 1 млн. 523 миң сом негизсиз чыгымдалгандыгы анык болду дейт Рысбек Шалтаев:

- Карыз өнбөйт, көчүп кеткен, өлүп калган деген 127 абоненттин ведомосттогу жазылган карыздарын талдоодон өткөргөндө, 1 млн. 523 миң сом эч негизсиз үстүртөдөн жазылганы аныкталды.

Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Субаналиев акчасы төлөнгөн абоненттердин карызкорлор катарында жазылгандыгы жөнүндө:

- Нарын шаары боюнча текшергенде, акчасын төлөгөн кишилерди ведомостко киргизип коюптур төлөгөн жок деп, - деди Өмүрбек Субаналиев.

Нарын шаарынын Кыргыз көчөсүндөгү 31-тамындагы 26чы үй ээси Шаршеев 18 миң 504 сом карыз экендиги белгиленген, бирок ал үйдүн тургуну Аниса Токтакунова электрге карыз эместигин айтат:

- Мен Улуттук банкта иштейм. Бул үйдү Улуттук банк 1996-жылы служебный квартира кылып сатып алган. 2000-жылы мага жазылган, мен 10 жылдын ичинде сатып алып бүттүм. Бүгүнкү күндө менин электр энергияга карызым жок. Ал эми Шаршеев деген киши карыз деп айтып атышат, андай киши бул жерде жашаган эмес. 1996-жылдан бери бул жерде мен туруктуу жашайм. Кечээ күнү карызым жок болуп чыгып келди.

Чыгыш электр ачык акционердик коомунун башкы директору Рыскул Мухамеджанов 30 млн. киловатт саат электр энергия ай сайын кем берилээрин билдирди:

- Ар бир айдан 25-30 млн. киловаттан лимит берилет. Аны өкмөт берип атат да.

Нарын мамлекеттик университеттин ректору Алмаз Акматалиев электр энергия саясаты аныкталбаса, быйылкы кыш маалында электр менен жылытылган мектептер жабылаарын билдирет:

- Азыр мектептерде котельный жок. Ошондой мекемелер жөнүндө атайын программа болуш керек да. Эгерде ушундай саясат боло берсе, анда эмики кышта бир дагы мектеп иштебейт.

Мындай жүйөгө Нарын шаарынын мэринин орунбасары Кубан Нурмамбетов кошулат. Анын айтымында, бир эле мектепти электр жылытуудан көмүр менен жылытууга өткөрүүгө 2 млн. сом керек:

- Токтогул мектебине быйылкы жылы 900 тонна көмүр керек, бул 1 млн. 100 миң сом акысы. Склад салганга 500 миң сом, откана салганга 400 миң сом керек экен, - дейт Кубан Нурмамбетов.

XS
SM
MD
LG