Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

БУШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ЧИЙЕЛЕШКЕН МАСЕЛЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛАЙТ


Жорж Буш эртең (14-майда) Жакынкы Чыгышка аттанууда. Бул анын АКШнын президенти катары Израилге акыркы сапары болуп калмакчы. Буш Израилдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/58988E70-6F5F-4138-B734-C5379A332523.asp түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракесине катышат. Бирок бул сапарда америкалык президентти Жакынкы Чыгыштын көптөгөн чийелешкен көйгөйлөрү да күтүп атат.

Жорж Буштун беш күндүк сапары тойдон башталат. Ал Израилдин 60 жылдыгына арналган президент Шимон Перестин "Эртеңкиге тике карап" деген аталыштагы конференциясына катышмакчы. Мында ал Чехиянын президенти Вацлав Гавел жана Грузиянын мамлекет башчысы Михаил Саакашвили сыяктуу кечээки жана бүгүнкү дүйнө лидерлери менен кол алышат.

Бирок Буштун сапарында Жакынкы Чыгыштын эзели бүтпөс чыр-чатактары үстөмдүк кылаарында шек жок. Өткөн ноябрда Буш Израил менен палестиндердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүсүн кайра баштоого арналган эл аралык конференция өткөргөн эле. Анда бардык тараптар Жорж Буш келерки январда кызматынан кеткенге чейин тынчтык келишимине жетишүүгө сөз беришкен. Буш бул максаттын жетишилээрине улам кайра убада берип келген.

Бирок убакыт өткөн менен көңүл жылытаарлык жылыш жасала элек. Соңку сөздөрүндө Буш Израил менен палестиндердин ортосундагы эки мамлекет түрүндөгү келишимди оозанбай, максат "мамлекет" деген түшүнүктүн аныктамасында экендигин көбүрөөк айтууда. Ушул жолу жолго чыгаардын алдында ал мисалы буларга токтолду:

- Белгилүү бир пландалган милдеттемелер болушу керек. Муну баарыбыз түшүнөбүз. Эң биринчи - мүнөздөмө болуш керек. Мамлекет Швецариянын эжигейи эмес да. Чегаралары такталган, анын ичинде качкындардын маселеси эсепке алынган территориялардын болушу зарыл.

Израилден кийин Буш жума күнү Саударабстанда өлкөнүн АКШ менен расмий алака түзүшүнүн 75 жылдыгын белгилөөгө катышат. Бирок ал Сауди падышасы Абдулла менен жолукканда мунайдын кудайды карабай кымбатташына көбүрөөк басым жасаары күтүлүүдө. Ал сауди бийликтеринен бул бааны төмөндөтүүгө жардам сурайт болуш керек, бирок азыртадан эле анын сөзү суу кечпейт деп болжолдонууда. Себеби ал Саударабстанда январь айында болгондо да ушундай өтүнүч менен кайрылган, бирок андан берки 4 айга жетпеген убакта мунайдын баасы төрттөн бирине кымбаттады.

17-18-май күндөрү Буш Египетте бул өлкөнүн президенти Хосни Мубарак менен катар, Ооганстандын мамлекет башчысы Хамид Карзай жана Ливандын премьер-министри Фуад Синиора менен жолугат.

Буш жолго чыга электе, анын улуттук коопсуздук кеңешчиси Стивен Хедли бул жолугушууларда Буш Жакынкы Чыгыштагы "эркиндик" күн тартибине берилгендигин дагы бир жолу бышыктай тургандыгын айткан эле. Бирок соңку күндөрү Бейрутта 1970-90-жылдардагы атуулдук согуштан берки эң айыгышкан куралдуу кагылыштар орун алууда.

Буш соңку маегинде суни мусулмандары жана башка фракциялар колдогон Ливандын өкмөтүнүн шийилердин Иранга таянган “Хезболла” куралчандарына каршы күрөшүн колдой тургандыгын дагы бир жолу бышыктады.

XS
SM
MD
LG