Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

СЕРБИЯ-РОССИЯ: МОСКВАГА НИКОЛИЧТЕН ТАДИЧ ИЙГИ


Cербиядагы парламенттик шайлоо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/24F25AEB-20D6-4AB7-B472-FE9788255B03.asp Балканда таасирин күчөткөнү жаткан Россиянын саясий шаабайын сууткандай жыйынтык менен аяктады. Бирок эксперттер Москваны арка-бел туткан улутчулдар утулуп калганы менен Россиянын бул аймактагы позициясы бекем бойдон калды дешет.

Сербиядагы шайлоонун натыйжалары Россияда саясатчылар арасында ак-көк деген ой-пикирлерди жаратпады. Болгону Федерация кеңешинин эл аралык мамилелер боюнча комитет башчысы Михаил Маргелов серб коомунда бөлүнүп-жарылган маанай күчтүү экенин белгилеп, мындан аркы өнүгүү аңыты кандай болорун болжоп айта албады.

Орус эксперттери да Сербияда европачыл күчтөр жеңип чыкканы Кремлди сар-санаага салып жиберген жок дешет. Москва “евросерб” Борис Тадич менен деле сакалат (славян) туугандыгына салып, жакшы мамиле күтө алат. Атүгүл радикал Томислав Николичке караганда демократ Тадичти орус жетекчилери алда канча ийги көрүшөт.

“Сырттан караганда, Николич, албетте, Россияга ынтыгын көрсөтмөк, бирок анын чуулган аты жана саясаты Москванын аракеттерине, экономикалык позициясына көлөкө түшүрмөк, - дейт “Мурас” фондусунун эксперти Евгений Волк. – Ошондуктан Кремл, менимче, Тадичтин батышчыл айрым ынтаасына көз жумуп карайт болуу керек. Анткени Москва азыр Балканда өз таасирин бекемдөөгө көбүрөөк кызыкдар”.

Тадич чын эле Россияга кырын салып карай элек. Тескерисинче, энергетика чөйрөсүндө Москва менен бир нече ири долбоорлорго кол койду. Алар жүзөгө ашса, муну аркасында Тадич Сербияда турсун жалпы региондо да өзүнө аброй ашыра алат.

Деген менен Тадичке азыр өкмөт түзүү үчүн 225 орундуу парламенттен 126 добуш керек болуп турат. Анын партиясына шайлоодо 102 мандат тийди, 77 орунду радикалдар, 30 мандатты кызматтан кетип жаткан премьер-министр Воислав Коштуницанын “жаңы сербдери” алды. Социалисттердин 20 мандаты бар, калган орундар майда-барат партиялар энчисинде.

Москвалык аналитик Сергей Романенко жакын аралыкта Сербияда өкмөт түзүлүп каларына анчейин ишенич жок деген ойдо. “Сербиядагы саясий система эле эмес, жалпы серб коому деле мурдагыдай эле жаат-жаатка ажыраган бойдон калды,-дейт ал. - Өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр узакка созулуп кетиши ажеп эмес. Бу жерде бир гана нерсе айкын: Тадичтин партиясы менен радикалдардын бир саясий бирикмеде болушу дегеле мүмкүн эмес. Калган башка варианттардын баарын күтсө болот”.

Ушундай шартта Москва өзүнө ыкыласын салган сербиялык социалисттер менен Коштуницанын партиясын Тадичтин коалициясына кошулууга жең ичинен ишаара кылышы мүмкүн. “Тадич азыр бир топ кысталыш абалда калды, - дейт Евгений Волк.- Анын партиясы жалгыз өзү өкмөт түзө албайт. Россияга ыктыган күчтөр, өзгөчө социалисттер Тадич менен биргелешип коалиция түзүп, ага жардамга келе алмак. Муну менен алар Тадичке таасир көрсөткөнү Россиянын да мүмкүнчүлүгүн арттырмак”.

Байкоочулар Тадичтин коалициясына бир болсо социалисттер менен либерал-демократтар кириши мүмкүн деп болжолдошот.

XS
SM
MD
LG