Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:08

СӨЗ ЭРКИНДИГИ КЕДЕРИНЕ КЕТҮҮДӨ


Таласта массалык маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/76EE05C7-7941-4719-98A6-40ED1F24E299.asp боюнча ар тараптуу ойлорун “Азаттыкка” билдиришүүдө. Жакында эле өзүн бийлик тараптан мыйзамсыз жумуштан бошотулду деп эсептеген Талас Телерадио компаниянын мурдагы жетекчиси Машакбай Рахманкулов азыркы тапка чейин мурдагыдай эле ММКлар өкмөттүк жана өкмөттүк эмес деп айтылып, экиге бөлүнүп жатканына нааразы.

Жакында эле баардык радио, теле берүүлөр 50 пайыз өзүнүн даярдаган берүүлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаш керек деген маселе Жогорку Кеңеште каралып, бул боюнча медиа өкүлдөрдүн ойлорун, кеңештерин уккулары келбеген депутаттарга жана бийлик башчыларына Таластагы айрым жергиликтүү ММКнын өкүлдөрү өздөрүнүн нааразылыктарын билдиришүүдө. Талас шаардык көз карандысыз “Некст” үналгысынын жетекчиси Айбек Турдалиев жогоруда айтылган, каралган маселе келечекте сөз эркиндигине залакасын тийгизиши мүмкүн деген ойдо:

- Радиостанцияга анча деле залакасы тийбейт болуш керек. Региондогу көз карандысыз телевидениелерге аябай эле кыйын болот. Анткени ошол эле «СТС», «ТНТ» каналдарын башка спутниктен кармашып, көрөрмандарга көрсөтүшөт. 12 саат болсо, ошонун 6 саатын эле болтуруш бул акылга сыйбаган нерсе. Менин оюмча сөз эркиндигине кандайдыр бир залакасы тиет болуш керек. Бул монополдоштурулган кандайдыр бир системага келет болуш керек.

«Эркин Тоо» гезитинин Талас облусу боюнча кабарчысы Нуржигит Сейдалиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп, ага «Азаттык» үналгысын мисал кылып кетти:

- Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Мамлекеттик жана эркин басма сөз каражаттарында Кыргызстандын атуулдары өзүнүн ой-пикирлерин ээн-эркин эле айтып жүрүшөт. Ошонун бири катары сиз иштеп жаткан «Азаттык» үналгысынын берүүлөрүн айтсак болот. Курч, экономикалык, социалдык маселелер боюнча уктурууларды бересиңер. Ошонун өзүнөн эле Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деген жыйынтык чыгарсак болот.

«Талас турмушу» облустук гезитинин жаш журналисти Чынара Мураталиевага сөз эркиндиги тууралуу суроо менен кайрылганыбызда, маалыматты бийликке ыктап чагылдырбасаң жумуштан айрыласың дейт:

- Мисалы жаш журналисттер тууралуу айтып кетсем, алар башында элге жагыш үчүн көбүнчө элдин пикирин жакташат. Ал эми кийин бара-бара алар отурукташып, бийликке малынып баштагандан кийин бийлик тарабына өтүп кетишет, аларды мактап баштайт. Бирок антпесе да болбойт, анткени иштен алып салышы да мүмкүн. Биз деле ошондойбуз.

Сөз эркиндиги Кыргызстанда башка кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу бар деген Талас облусунун «Кыргыз туу» гезитинин өз кабарчысы Козубек Иманкулов Кыргызстанда эки тараптуу чагылдырган телеканалдар жок болуп жатканына нааразы:

- Эркин гезиттер чыгып жатат. Бирок жалпы өлкөгө ар тараптуу маалымат берген телевидение жок болуп атат.

Талас облустук телерадио компаниянын мурдагы жетекчиси өзүн бийлик тараптан жумуштан мыйзамсыз алындым деп эсептеген Машакбай Рахманкулов Кыргызстанда ММКлар ушул күнгө чейин өкмөттүк жана өкмөттүк эмес деп айтылып жатканына каршы пикирин «Азаттыкка» серепчи катары билдирүүдө:

- Кыргызстандагы басма сөздүн азыркы абалына байланыштуу менин жеке башымдан өткөн окуя менимче океандын тамчысы болгон бир көрүнүшү сыяктуу деп ойлоп атам, бир аз калпысыраак болуп калды деген ойдомун. Эски заманда деле, азыр деле журналисттерди дагы эле экиге бөлүп атканына ичим толбойт, нааразымын. Өкмөттүк жана өкмөтчүл эмес деп бөлүнүшөт. Чынында журналисттер өкмөт болобу, өкмөтчүл эмес болобу бир гана фактынын негизинде жазыш керек.
XS
SM
MD
LG