Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Б.БЕШИМОВ: “ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ БИРИГҮҮДӨ ЖАТАТ”


Жогорку Кеңеш депутаты, социал-демократтар партиясы фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/6B322CA2-581E-4A13-A6CE-1FD7C3A8677A.asp Оштогу партиялаштары, ошондой эле жаштар уюмдарынын лидерлери менен жолугушуусунда Борбор Азияда мамлекетти бириктирүү тенденциясы күч алышы ыктымалдыгын билдирди жана Кыргызстандын Казакстан менен Биримдикке кошулуусун колдой тургандыгын кошумчалады. Айрым жарандык лидерлер мындай демилгеге каршы. Ал эми бийлик өкүлдөрү арсар пикирде.

Жогорку Кеңеш депутаты, социал-демократтар партиясы фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун баамында, Борбор Азияда мамлекетти бириктирүү тенденциясы жакынкы жылдарда күч алышы ыктымал. Ошондуктан бул чөлкөмдөгү айрым республикалардын биримдик курууга эмитен умтулуусу жакшы жышаан. Ошентсе да, Казакстан аймакта лидер бойдон кала берээри шексиз. Андыктан, ага ылайыктуу өнөктөштүккө Кыргызстан гана жарамакчы:

- Азыркы учурда геосаясий абал ушундай түзүлүп атат, Борборазияда мамлекетти бириктирүү тенденция күч алып кетиши мүмкүн. Казакстандын азыркы эли азыркы программасы менен регионалдуу держава болду. Аларды Кытай, Россия, АКШ, Батыш толугу менен Борбор Азияда лидер катары тааныды. Казакстан регионалдуу держава болушу үчүн сөзсүз Кыргызстан алар менен кошо болуш керек, - деди Бакыт Бешимов.

«Прогресс» уюмунун лидерлеринин бири Анара Бекжигитова дүйнөлүк тенденцияга шылтоолоп, Европа Биримдигин туураштын кажети жок деп эсептейт. Анын оюнча, Борбор Азиядагы мындай жакындашуу Кыргызстандын картадан чийилүүсүнө гана өбөлгө жаратат:

- Евросоюзда Германия, Испания ж.б. бирдикте болушууда. Келечекте Кыргызстан дагы Казакстан, Түркмөнстан менен бирдикте Евросоюзга окшогон бирдикти түзмөкчү экен. Ошонун негизинде Кыргызстан да алардын курамына кирет экен. Эгерде Кыргызстан азыркы учурда өзүнүн каада-салттарын, өзүнүн кыргыздыгын унутуп жатса, кийин ошондой союзга киргенде анда кыргыз деген аты түп тамырынан бузулуп, жок болуп кетпейби деген суроо туулат.

Жаңыдан түзүлгөн бейөкмөт уюмдар коалициянын мүчөсү Айбек Исаев оштук жаштар социал-демократтардын демилгесин колдой тургандыгын билдирип, буларды кошумчалады:

- Азыр жаштар саясаты боюнча атайын департамант бар. Бирок ал департамент жеткиликтүү иштерди жүргүзбөй жатат. Анткени биз менен чогуу Ош шаарындагы 30-40ка жакын жаштар уюму бар. Ошол уюмдардын лидерлери барыбыз биригип, бир идеяга келип, чоң бир коалициялык уюм түзөлү деп атабыз.

Оштогу укук коргоо кыймылынын төрагасы Төлөн Дыйканбаев Кыргызстан Казакстанга караганда Кытайга ыктаса болочогуна пайдалуурак экендигин билдирди:

- Бешимов кааласа казакка, оруска кете берсин. Эгерде кошлушту кимге пайдалуу десек, анда биз Кытайды алалы. Аларда бир жарым миллиард эли, атом бомбасы, күчтөнгөн экономикасы турат.

Ош шаар мэри Жумадыл Исаковдун пикирин сурамжыласак, Кыргызстан-Казакстан Биримдигин түзүү президент Курманбек Бакиевдин демилгеси экендигин баса белгилеп, канткен күндө да Казакстан да, Кытай да - коңшубуз, экөө менен тең мамиле бирдей болгону оң деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG