Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ПАКИСТАНДЫН КОАЛИЦИЯЛЫК ӨКМӨТҮ ЫДЫРАДЫ


Аида Касымалиева, Прага Пакистанда мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин партиясындагы министрлер кечээ өз ыктыяры менен кызматтан кетишти. Ошентип Пакистанда 6 жума мурун түзүлгөн коалициялык өкмөт --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/DEBAF4BB-8F09-4A93-A9F2-A7791E772B39.asp ыдыроодо. Министрлердин мындай чечими өкмөттүн таркап кетишине жана саясий башаламандыктарга алып келиши толук ыктымал.

Жаңыдан эле экономикалык маселелерин чечүүгө камданып, Ооганстан менен чектеш аймактардагы исламчыл согушкерлер менен убактылуу жарашууга барган Пакистан үчүн бул өңдүү жаңы проблемалар кереги жок болчу.

9 министр жумуштан кеткен соң, Пакистан ири саясий туңгуюкка тушугушу мүмкүн. Министрлер мурда президент Первез Мушарафф тарабынан жумуштан алынган сотторду кайрадан кызматка алуу чечими кечеңдеп жатышына нааразы болуп, кызматтан кетишти.

Бирок Наваз Шариф анын партиясы премьер-министр Юсуф Раза Гиланини колдоону улантаарын билдирди. Юсуф Раза Гилани былтыр декабрда киши колдуу болгон мурдагы өкмөт башчы Беназир Бхуттонун Пакистан элдик партиясынан. Премьер-министрликке март айында бекитилген. Коалициялык өкмөткө мурдагы премьер-министр Навази Шариф башындагы Пакистан Мусулман лигасы кирет. Шариф бийликтен 1999-жылы азыркы президент Мушараф артында турган аскерий төңкөрүш аркылуу кулатылган.

Наваз Шарифтин билдиришинче, ага партиялаш министрлер 6 жума мурда түзүлгөн өкмөттөн кетээрин билдирди. Себеби өкмөт мурда жумуштан кетирилген сотторду 12-майга чейин калыбына келтиребиз деген сөзүндө турган эмес. Наваз Шариф ошондой эле президент Первез Мушарафты «диктатор» деп атап, ал сотторду иштен айдоо менен Пакистандагы демократияны дестабилдештирип жатканын айтты.

- Биздин парламенттик партиябыз эч качан диктатураны жашыруун күчөтүүгө катышпайбыз деп чечти. Биз демократиялык жараяндардын нуктан чыгышын каалабайбыз.

Мушараф былтыр ноябрь айында Жогорку соттун төрагасы Мухаммад Чаудри башындагы 60 сотту кызматтан бошоткон. Чаудри Мушаррафтын президенттик шайлоого чейин армиянын башкы командачылыгынан кетүүсүн талап кылган болчу.

Бирок кантсе да Наваз Шарифтин партиясы оппозицияга толук өтпөйт дешет байкоочулар. Себеби Пенжаб провинциалдык өкмөтүн колдон чыгарбаш үчүн аларга Пакистан Элдик партиясынын колдоосу керек.

Эгерде Пакистан мусулман лигасы Гиланинин өкмөтүн колдобой койсо, Пакистан элдик партиясы жетектеген өкмөт башка майда партиялардын колдоосу менен деле жашап кете алат. Алар Мушарафтын колдоосун да пайдаланышы мүмкүн.

Мындай ойго кошулгандардын арасында Пешавардык саясий талдоочу Фазал ур Рахим Марват да бар:

- Наваздын Пакистан Мусулман лигасы - оң-канатчыл саясий партия. Партия мүчөлөрү башынан эле жумуштан айдалган сотторду кайра кызматка алууну талап кылып келген. Бирок коалициялык өкмөттүн экинчи бөлүгү - Пакистан элдик партиясы жаңы дайындалган сотторду ордуларында калтырып, бул талапты жарым-жартылай аткаргысы келген. Пакистандыктар эки партиянын ортосундагы алаканын бузулушуна бир гана иштен кеткен соттор себеп эмес деп ойлошот. Бирок Наваз Шариф азырынча ушул маселеге принципиалдуу карап, басым жасоодо.

Пакистандык министрлердин жумуштан кетиши 24 мүчөдөн турган өкмөттө 9 орунду бошотот.

XS
SM
MD
LG