Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

ЕККУ ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМГА ПИКИРИН БИЛДИРДИ


14-майда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) президент Курманбек Бакиевден Жогорку Кеңеш 24-апрелде кабыл алган “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/F01EFB49-7062-4A24-B12D-6CD2F8DDC123.asp жөнүндөгү жаңы мыйзамга вето коюп, парламенттин кайра кароосуна жөнөтүүсүн өтүнгөн кайрылуу катын жолдоду. Мындан мурда дагы Медиа өкүл институту баштаган бир топ коомдук уюмдар менен маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, бул мыйзамга кол койбосун өтүнүшкөн. Ал эми мыйзамдын авторлору, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары болсо мыйзам азыркы учурдун талабына ылайык кабыл алынды деген ишенимде.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) президент Курманбек Бакиев Кыргызстан коомдук телекөрсөтүүлөр тууралуу жетишкен баалуулукту жокко чыгарбай, мыйзамга кол койбойт деген зор үмүт менен кайрылуу жөнөткөнүн ЕККУнун өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азамат Абабакиров билдирди:

- Өткөн айдын аягында Жогорку Кеңеш “Теле жана радиоберүүлөр жөнүндөгү” мыйзамды биринчи окулушунда кабыл алган. Бул мыйзам долбоору, көпчүлүк журналисттердин ишениминде, Кыргызстанда түзүлүшү көптөн бери талкууланып келаткан Коомдук телеберүү идеясын жокко чыгарат. Ошондуктан ЕККУ президентке мыйзамга кол койбой, вето коюп, парламентке кайра кароого жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ал эми мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, “Ак жол” фракциясынан парламент депутаты Ибрагим Жунусов мыйзам учурдун талабына ылайык иштелип чыгып кабыл алынды, анткени мамлекетте бийликтин саясатын элге жеткире турган өзүнүн телеканалы болушу зарыл, мыйзамда журналистердин укуктары чектелген эмес, дейт:

- Улуттук телевидение болгондон кийин мамлекеттин, өкмөттүн саясатын жүргүзүш керек. Ал эми коомдук телеканал үчүн өзүнчө бир мыйзамды кабыл алыш керек деген ойдо болуп жатабыз. Мамлекеттик телекөрсөтүү менен коомдук телекөрсөтүүнү экиге бөлүү идеясы бизди азыр уялап турат. Ушул максатта гана ушул мыйзам кабыл алынды.

Орусча айтканда, Кыргызстандагы телеберүүлөрдө “бардак” болбосун, каалагандай кетпесин, баардык нерселер өздөрү каалагандай чыгарылып кетпесин, ошолор болбосун деп ушул мыйзамды кабыл алдык. Баарын бир мыйзамга салып алыш биздин максат болчу,
- деди депутат Ибрагим Жунусов.

“Медиа өкүлчүлүк” институтунун директору Илим Карыпбеков жаңы мыйзам долбоору чийки экенин, сөз эркиндигине чектөө коюулуп жатканын ЕККУ дагы белгилеп, өтө салмактуу кайрылуу жөнөткөнүн, коомдук уюмдар бекеринен тынчсызданбай жатканын айтып, мындай деди:

- Бул мыйзам долбоорунда аткарылышы күмөн санаткан көптөгөн нормалар бар экенин ЕККУ да белгиледи. Бул мыйзам демократияга төп келишкен эмес. Биздин оюбузча азыркы талаптарга жооп бербеген бул мыйзамда көп-көп чоң кемчиликтер бар. Албетте бул жерде ошол “Теле жана радио берүү жөнүндөгү” мыйзамга коомдук теле берүү боюнча мурунку кабыл алган мыйзамды жокко чыгаруу нормасын киргизип, аны талкуулабастан 2006-жылы Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө мыйзамды жокко чыгаруусу чоң кемчилик. Буга чейин бир канча кээ бир мыйзамдар чынында эле президент аркылуу кайтарылып келген. Азыркы учурда да көрүп жатабыз көп мыйзамдар президент аркылуу өзүнүн каршылык пикири менен талкууга алынып жатат. Биз да ЕККУ да үмүттөнгөнбүз ошол каршылык пикир менен кайра келет деген ойдобуз. Бул өтө абройлуу уюм бекеринен тынсызданган жок.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиевдин айтымында, Жогорку Кеңеш 24-апрелде кабыл алган “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” жөнүндөгү жаңы мыйзам президентке келе элек, алгач эксперттердин кароосунан өткөрүлөт. Мыйзамга кол коюу же кол койбоо үчүн президентке сунушталат.

- Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш талкуулап, мына ушул катта көрсөтүлгөндөй Улуттук канал жөнүндө сөз болгон жок. Бул мыйзам телерадио берүүлөрдүн жалпы шарты жөнүндө. Албетте бул мыйзам экспертизадан өтүш керек. Кайрылууда айтылгандай вето коюу чарасы мыйзамдарда, Конституцияда жазылган. Эгерде каралып жаткан мыйзам Башмыйзамга же башка мыйзамдарга карама-каршы келсе ошондо гана вето коюлат. Ушул чакта бул мыйзам парламенттен президентке келелек, келгенден кийин экспертизадан өткөрүлүп президентке кол коюу же койбоо үчүн сунушталат.

Жаңы мыйзамга ылайык Улуттук телеканалдын байкоочулар кеңешин президент сунуштап, парламент шайлайт. Башкы директор мамлекет башчынын жарлыгы менен дайындалат.

Ал эми дүйнө өлкөлөрүндөгү басма сөз эркиндигинин абалына байкоо салган “Фридом Хаус” эл аралык уюмунун жакында жарыялаган иликтөөсү боюнча Кыргызстан эркин эмес мамлекеттердин катарына кирип, 195 мамлекеттин ичинен 156-орунга түшкөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG