Кошмо Штаттар 1948-жылдын май айында жаңы мамлекет катары Израил көз карандысыздыгын жарыялаганда, аны эң биринчи болуп тааныган. Андан бери АКШ Израилди өзүнүн эң жакынкы өнөктөшү катары эсептейт. Кечээ Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэрортунда Жорж Бушту президент Шимон Перес, премьер–министр Эхуд Олмерт, Кнессеттин спикери Далия Ицик, министрлер, депутаттар тосуп алышты.
Бул - акыркы беш айда Буштун Израилге экинчи мертебе келиши. Израилдин президенти Шимон Перес менен чогуу туруп сүйлөгөн сөзүндө ал бул өлкөнүн жаралышына күбө болгондор кезинде ал заманбап мамлекетке айланат деп элестете албаганын, Израилдин ийгилиги бүткүл региондо демократиялык өзгөрүүлөр болот деген оптимизм жаратып жатканына токтолду:
- Мен Жакынкы Чыгышка чоң оптимизм менен келгенимдин бир жүйөөсү ушул. Себеби бул жерде ишке ашкандар баардык жерде мүмкүн. Кошмо Штаттардын максаты бирөө эле - Жакынкы Чыгыштагы кубаттуу өнөктөшүбүздү жана досубузду, жалгыз нукура демократияны, сиз мүнөздөгөн, террорчул күчтөрдөн коргоо жана ошол эле учурда үмүттүү келечек тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү болушу керек.
Израилдин алтымыш жылдыгынын урматына Иерусалимде кечээ кечинде дүйнөнүн мурдагы жана азыркы лидерлеринин бир катарлары чакырылган мааракелик конференция да өткөрүлдү.
Израил мамлекет негизделгенинин алтымыш жылдыгын майрамдап жатса, палестиндер ошол эле учурда жүз миңдеген палестиндердин жер которуусуна алып келген, арабча "накба" же "катастрофа" деп аталган окуялардын алтымыш жылдыгын белгилешүүдө. Палестиндерин "Хамас" уюмунун жетекчилеринин бири Махмуд ал-Захар Жорж Буштун Израилге келишине байланыштуу Рейтердин кабарчысына буларды айтты:
-Ал биздин кан төгүлгөнүнүн, депортациянын, адам чыдагыс шартта өмүр сүрүүнүн, улуттук укугубуздан айрылышыбыздын алтымыш жылдыгын майрамдоого келди.
Жорж Буш мааракелик салтанаттарга катышуудан тышкары Жакынкы Чыгышта тынчтык жараянына жаңы дем берүүгө да аракеттенери күтүлүүдө.
Израил жана Палестин лидерлери былтыр ноябрда АКШда өткөн конференцияда тынчтык келишимине жетүүгө аракеттенүүнү макулдашкан. Буштун максаты мунун келерки жылдын январында өзү кызматтан кеткенге дейре ишке ашыруу эле. Бирок азыр бул максат ошол мөөнөткө чейин орундаларынан күмөн санагандар көбөйүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн солгундашына бир нече факторлордун таасири тийүүдө.
Алсак Израил Иордандын Батыш жээгиндеги конуштарын кеңейтүүнү пландоодо, Газа секторунда жана анын айланасында зордук-зомбулуктар токтобой жатат. Буга кошул-ташыл болуп, Израилде премьер–министр Эхуд Олмерттин үстүнөн пара алган деген шек менен тергөө иштери башталды. Ал айтылып жаткан дооматтарды төгүндөгөнү менен Олмерт кызматтан чегинүүгө мажбур болсо тынчтык аракеттери үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуу бар.
АКШ президенти Жорж Буш кечээ буга окшогон тоскоолдуктардын бирин да эскербеди, бирок тынчтык аракеттери алдыга жыларын белгиледи:
-Биз Израил менен тынчтыкта жашоого умтулган акыл-эстүү адамдар мындай мүмкүнчүлүккө ээ болуусу үчүн иштөөнү улантабыз. Ошол эле учурда өзүлөрүнүн саясий максаттарына жетүү үчүн бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган террорчул күчтөр жана дүйнө аларга кандайча каршы туруусу керектиги тууралуу ачык айтабыз.
АКШ президенти иш сапары учурунда Палестин аймактарына барбайт. Мунун ордуна Жорж Буш Палестин автономиясынын президенти Махмуд Абасс жана аймактын башка лидерлери менен алдыдагы ишемби күнү Египетте жолукмакчы.