Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

ЕВРОБИРИМДИКТИН ОРУСИЯ МЕНЕН АЛАКАСЫ


Польшадан кийин эми Литва --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/C7421178-DD4E-45DA-8F23-11D49B741712.asp Евробиримдиктин Орусия менен келишим түзүүгө каршылык көрсөтүүдөн баш тарта тургандыгы айгине болууда. Бирок маселе Евробиримдиктин ушул айдын аягындагы жыйынында такталмакчы. Литванын өткөн аптада мындай сүйлөшүүгө вето коерун жарыялашы Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрү өз кызыкчылыктарын биримдиктин стратегиялык кызыкчылыктарынан өйдө коюп жаткандыгын айгинеледи.

Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташттык жөнүндөгү жаңы келишим боюнча сүйлөшүү 2006-жылдан бери создугуп келатат. Азыр эми сүйлөшүү 26-июнда Ханты-Мантыйскиде өтө турган Евробиримдик менен Орусиянын саммитинде кайра жанданат деп күтүлүүдө.

Жаңы келишим жетишилип, аны эки тарап тең жактырса, ал 2007-жылы мөөнөтү бүтүп, андан бери улам кыска мөөнөткө узартылып келаткан учурдагы Шериктештик келишимин алмаштырат. Жаңы макулдашуу эки тарапка алакаларын келишимдердин негизинде жүргүзүүгө жагымдуу шарт түзмөкчү.

Мына ушул маанилүү мезгилде Евробиримдикке 2004-жылы мүчө болуп кирген Литва Орусия менен сүйлөшүүгө вето коем деп чыкты. Муну Вильнюс өкмөтү Орусия өзүнүн “Мазхейкиу” мунай тазалоо ишканасына мунай жибербей жаткандыгы, Орусияда бир нече литвалык ишкердин дайынсыз жоголушу, 1991-жылы советтик армия салган кыргынды Москва моюнга алуудан баш тартып келе жатканы жана ошондой эле орус куралдуу күчтөрүнүн жакында Грузиядан бөлүнүп кеткен Абхазия менен алакаларын кеңейте баштаганы менен түшүндүрдү. Бирок Евробиримдиктеги башка мүчөлөрдө Вильнюс бул маселелерди өтө кеч көтөрүп жана өтө эле көп суроолорду коюп жаткандай сезим калды.

Байкоочулар белгилегендей, Польша өз ветосун алып салгандан кийин, Литва жаңы вето менен азчылыкта калаарын ойлосо болмок. Литванын тынчсыздануулары аларга да түшүнүктүү, бирок биримдикте тирешүүгө караганда, диалогго артыкчылык бериш керек деген түшүнүк басымдуулук кылат.

Брюссел чөйрөсүндө Уинстон Чөрчилдин "согушкандан көрө сөгүшкөн артык" деген девизинин андан да жумшак үлгүсүн карманышат. Алар байланыштарды бүт токтотуп койгондо, экинчи тарапка таасир этүүнүн мүмкүнчүлүгү да жок калат деп эсептешет.

Эгер Орусия менен жаңы келишим жетишилсе, кандай жылыштарды күтүүгө болот? “Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын айтымында, мындай документтин аркасы менен Евробиримдиктин тышкы саясатка кылдат мамиле жасайт деген аброюу бекемделмекчи. Кийинки бир нече жылдары бул саясат кыйла сынга алынып келаткан. Айрыкча Орусия жаңы мүчөлөр киргенден бери биримдик жаңы келгендердин жеке кызыкчылыктарынын барымтасында калды деген кине койгон.

Ошол эле мезгилде, Орусияга ал караманча кабылдай албаган талаптар коюлса, өлкө сүйлөшүүдөн такыр баш тартып кетиши мүмкүн экендигин болжолдоого болот. Ошондуктан Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү сүйлөшүү баштала электе эле Орусияга кысым көрсөтүү тескери жыйынтык берет деген ишенимди карманышат.

XS
SM
MD
LG