Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ШИЙИТТЕР МЕНЕН СУНИЛЕРДИН ТИРЕШҮҮСҮ КҮЧ АЛДЫ


Саударабстан Иранды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/445F74DE-57F7-45ED-AB34-71C7DCC6195C.asp Ливанда төңкөрүш уюштурууну көздөйт деп айыптады. Тегеран бул кинени караманча четке качууда. Ливандагы соңку кандуу көчө уруштарынан кийин орун алган бул кайым айтыш ал-Рийядда жана Жакынкы Чыгыштагы дагы башка борбор калааларда Ирандын таасиринин өсүп жатышына тынчсыздануунун айгинеси.

Саударабстан менен Ирандын ортосундагы кайым айтыштын төркүнүндө гео-саясий факторлор менен катар мусулмандардын суни-шийит болуп араздашуусу жатат. Сунилер болгон саудилер буга чейин шийиттер үстөмдүк кылган Иран менен коңшулаш Ирак боюнча кыжылдашып келишкен. Эки тарап бир-бирине бул өлкөдө өз диндештерин колдогону үчүн кине тагышууда.

Үстүбүздөгү аптада Саударабстан Тегеранды шийиттердин “Хезболла” уюмунун аркасы менен Ливандын Батышчыл бийлигин кулатууга аракеттенет деп чыккандан кийин, бул араздашуунун эпкини араб өлкөлөрүндө дагы күчөдү.

Саударапстандын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал шейшембиде "албетте Иран Ливандагы төңкөрүш аракетин колдоп жатат" деп ырастады. Саудилик расмий өкүлдөр ошондой эле "бул колдоо Ирандын араб өлкөлөрү менен гана эмес, бүт мусулман дүйнөсү менен алакасына доо кетирип жаткандыгын" эскертишти.

Мунун алдында Ливандын өкмөт башчысы Фуад Синиора “Хезболланын” шийит согушкерлери Амал тобу менен биригип алып, анын өкмөтүн кулатууга аракеттенгендигин айыптаган эле. Иран ал-Риаддын кинесине кесе жооп берди. Президент Махмуд Ахмединежад ошол эле күнү:

- Иран Ливандагы кырдаалга кийлигишпеген жалгыз өлкө. Чакырган, колдогон, колтугунан түрткүлөгөндөр кимдер? Кимдин элчиси качып кетти? - деп суроо салды. Анын качкан элчи тууралуу айтканы саудилердин короосуна ыргытылган таш болду, себеби Ливанда өткөн аптада көчө уруштары башталганда, бул өлкөнүн дипломаты Бейруттан кетти деген кабар болгон эле.

Ливанда “Хезболла” куралчандары менен сунилер жетектеген өкмөттүн ортосундагы кагылышуулар үчүн жоопкерчиликти Иран АКШ менен Израилге жүктөөдө. Бир аптадан берки уруштарда 65 чакты кишинин каны төгүлдү. Бул 1990-жылы аяктаган 15 жылдык ички согуштан кийинки эң кандуу кагышылуулар болуп калды. Өкмөт “Хезболланын” жеке менчик телефон бекеттерин жапкандан кийин башталган уруштарда шийит согушкандары Бейруттун сунилер көп жашаган батыш оодандарында тополоң салышты.

Араб өлкөлөрү менен Ирандын атаандаштыгынын тереңдешинин белгиси март айында эле байкалган. Ал ирет Ирандын араб дүйнөсүндөгү эң жакын союздашы болгон Сирия уюштурган Араб лигасынын конференциясына араб өкмөттөрүнүн жарымы катышпай койгон. Ливандын айланасындагы кырдаалдан улам араб өлкөлөрү Тегеранды Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын душманы деп санаган Вашингтонго көбүрөөк ык тартышат болуш керек.

Дал ушул күндөрү Жакынкы Чыгышты кыдырып жүргөн АКШнын президенти Жорж Буш мурдараак Израилден башталып жаткан анын сапары Израил менен палестиндерди элдештирүү менен катар, Иран тууралуу эскертүү жасоо экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG