Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

ИЗРАИЛ ЭГЕМЕНДИГИН, ПАЛЕСТИНА "НАКБАНЫН" 60 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ


Палестина кечээ "накба" же арабчадан которгондо "катастрофа" деп аталган окуялардын алтымыш жылдыгын белгиледи. Палестиналыктар 1948-жылдын май айында Израил мамлекетинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A914356D-708C-4FC6-A8FF-FA1F430D7C7D.ASP түптөлүшүн жана анын соңунан жүз миңдеген арабдардын жер которуусун мына ушинтип мүнөздөшөт. Ал эми Израилге өлкөнүн алтымыш жылдык мааракесине арналган салтанаттарга катышуу үчүн келген АКШ президенти Жорж Буш кечээ Кнессетте сөз сүйлөп, палестиндер да демократиялуу мамлекетке ээ болорун айтты.

Мындан алтымыш жыл мурда орун алган окуяларды Израил менен Палестина эки башка чечмелешет. 1948-жылдын 14 – майында Израил көз карандысыздыгын жарыялаган соң азыр ал турган жерден 700 миңдей араб көчүп кеткен. Палестиналыктардын айтымында, алар буга мажбур болгон жана үйлөрүнөн күч менен куулган.

Ал эми израилдик лидерлердин ырастоосунда, аларда арабдарды сүрүп чыгаруу планы болгон эмес. Арабдардын качуусу көбүнесе көз карандысыздыктан кийин Израил менен арабдардын беш армиясы ортосундагы согуштардын кесепети. Натыйжада палестиналык ошол 700 миң качкын жана алардын урук-тукумдарынын саны азыр 4,5 миллионго чейин жеткен. Учурда алар Иордания, Ливан, Сириянын аймагында, Иордан дарыясынын Батыш жээги менен Газа секторунда күн өткөрүүдө.

"Накба" деп аталган окуялардын алтымыш жылдыгын эскерүүгө байланыштуу кечээ палестин лидеринин кеңсеси жайгашкан Рамалла шаарында сиренанын үнү угулуп турду. Газа шаарында аскер кийимчен бир нече жүз окуучу жүрүш өткөрдү. Иордандын Батыш жээгинен, Израилге кирүүчү жерге жакын аймактан палестиналык өспүрүмдөр Израил түзүлгөндөн берки ар бир күн үчүн бирден кара шаарды асманга учурду. Израилдин негизделгенине болсо кечээ 21 915 күн толуптур.



Ал эми Палестин автономиясынын президенти, 1948–жылы өзү да качкын болгон Махмуд Аббас калкка жасаган теле кайрылуусунда төмөнкүлөргө токтолду:

-Бул эң сонун жерде эки эл жашоодо. Бири көз карандысыздыгын майрамдап жатса, экинчиси өзүнүн накбасын эскерип, жүрөгү сыздоодо. Артта алтымыш жыл калды, биз бул жерде эки жаат болуп жашап жатабыз. Адамдардын азап чегүүсүн, палестиналыктар үчүн накбаны бүтүрө турган кез келди. Бул Израил үчүн адилет жана ар тараптуу тынчтык жөнүндөгү чакырыктарга жооп берип, ыйык жана кыйналган бул жерде эки элдин тарыхый элдешүүсүнө жетүү үчүн учур эмеспи?

Ошентип, палестиндер "накбанын" алтымыш жылдыгын эскеришсе, Израилде өлкөнүн алтымыш жылдык мааракесине арналган салтанаттар өттү. Аларга катышуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жаңы дем берүү максатында келген АКШ президенти Жорж Буш кечээ Израил парламенти-кнессетте чыгып сүйлөдү. Буштун болжолунда, алдыдагы дагы бир алтымыш жылда Каирден Эр–Риядга, Багдад менен Бейрутка чейинки аймакта, адамдар эркин жана көз карандысыз коомдордо жашап калышат. Ал эми Иран менен Сирия азыркы адаттарынан айрылып, тынчтыкты көздөгөн мамлекетке айланат. Буш ошондой эле палестиналыктардын өз мамлекетине ээ болуу үмүтүнө да токтолду:

-Израил 120 жылдык мааракесин дүйнөнүн улуу демократияларынын бири жана еврей элинин коопсуз, гүлдөгөн мекени катары белгилейт. Палестин эли узактан бери эңсеген жана мээнети менен тапкан мекенине: мыйзам менен башкарылган, адам укуктарын урматтаган, террорду жээриген демократиялуу мамлекетине ээ болот.

Бирок АКШ президентинин сөздөрүндө эки элдин ортосунда алтымыш жылга созулган чатактын эң түйүндүү маселелери кантип чечилери айтылган жок. Андай түйүндүү маселелердин арасында 1948-жылкы качкындардын жана алардын тукумдарынын азыр Израилдин ичинде калган жерлерге кайтуусу жөнүндөгү талаптар да бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG