Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

БАСМА СӨЗ МАЙДАНЫ ТОЛУКТАЛУУДА: “ЗАМАНДАШ ПРЕСС” АГЕНТТИГИ АЧЫЛДЫ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Бишкекте “Замандаш пресс” агенттигинин ачылышы болот. Бул агенттиктин багыты, сөз эркиндигинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/76EE05C7-7941-4719-98A6-40ED1F24E299.asp абалы тууралуу “Азаттыкка” саясий серепчи, аталган агенттиктин жетекчиси Кубан Абдымен маек куруп берди.

-Кубан мырза, жаңыдан ачылып жаткан “Замандаш пресс” агенттигинин багыты кандай болот? Башка агенттиктерден эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

-“Замандаш пресс” агенттигинин бүгүнкү ачылышы бул кыргыз маалымат каражаттарынын арасында чоң деле жаңылык деп айтууга болбойт. Себеби буга окшогон агенттиктер Кыргызстанда бир топ эле бар. Башкалардан айырмасы дагы өтө чоң деп айтууга болбойт. Негизинен биздин максат – Кыргызстандан чыккан мигранттардын, Кыргызстандан тышкары жакта жашагандарга биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларды тез арада жеткирип, аларга бул окуяларды көбүрөөк байкап туруу мүмкүнчүлүгүн бериш үчүн өзүнчө интернет сайт ачып, ошонун жардамы менен аларга Кыргызстан тууралуу маалымат берүү.

-Бул агенттиктин аты айтып тургандай, “Замандаш” ассоциациясынын колдоосу менен ачылып жатса керек, туурабы?

-Ооба. Бул “Замандаш пресс” агенттигинин негизги демөөрчүсү болуп, “Замандаш” ассоциациясы. Бул ошонун колдоосу менен түзүлгөн агенттик жана бул агенттик башкалардай эле саясий, экономикалык багыттардагы маалыматтарды көбүрөөк чыгарууга аракет кылат. Биздин максатыбыз – жалаң эле саясатташып кетпей, башка багыттарда болуп жаткан окуялар тууралуу көбүрөөк берип, андан сырткары экономикалык багыттагы өзгөрүүлөргө көңүл буруу максатын койдук.

-Сөз эркиндиги тууралуу кеп кылсак. Жакында эле “Фридом Хаус” уюму жылдык баяндамасын жарыялап, Кыргызстанды сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарына киргизди. Сиз эксперт катары өз бааңызды берип өтсөңүз.

-Азыркы түзүлгөн кырдаалды алсак, чындыгында эле бир топ өзгөрүүлөр бар. Сөз эркиндиги тууралуу абалды сындагандар бир топ эле. Бул жагынан алганда чындыгында эле Кыргызстанда абал азыр бир топ өзгөрдү. Анын себеби акыркы бир жыл ичиндеги расмий бийликтин күчтөнүшүнүн натыйжасында өздөрүнө каршы чыккан бир топ пикирлерди элге жайылтуудан алыстатып, алардын мүмкүнчүлүгүн чектөө аракети байкалууда.

Бирок мындай көрүнүш мыйзам чегиндеги аракеттерге жакын болгону менен, артында бир топ саясий күчтөр өз кызыкчылыгын көздөп жаткандагысы байкалып жатат. Андыктан Кыргызстандагы сөз эркиндиги, өзгөчө басма сөздү жана телевидениени алсак, көпчүлүк учурда ал жерге көз карашы башка болгон саясатчылар барып, өз ойлорун айтууга чектөө коюлганы байкалууда. Мисалы, Өмүрбек Текебаевди алсак болот.

-Мына ушул сөз эркиндигинин абалынын начарлап кетиши, мамлекеттик кысымдын күчөп жатышы эмнеге байланыштуу болуп жатат? Себебин эмнеден көрсөк болот?

-Азыркы учурдагы Кыргызстанда түзүлүп жаткан кырдаалдын чындыгында эле бардык тарабынан начарлап жатышын билдирет деп ойлойм. Себеби эгерде биз саясатташып, жалаң эле бийлик талашуу аракети менен жүрсөк, бир топ зыяндуу кесепеттерге алып келе турган жолго түшүп алабыз. Андыктан менин оюмча, ушул багыттагы оппозиция лидерлеринин кичине өздөрүн тартып, бир аз болсо дагы тыныгуу алып, анан зарыл боло турган учур келгенде активдешебиз деп жүргүзүп жаткан саясатынын кесепети деп ойлойм.

-Бирок ошентсе дагы оппозиция өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары аркылуу чыгып сүйлөөгө болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелип жатышы тууралуу байма-бай айтып жатышпайбы. Алардын өкмөттүк ММКларга коюп жаткан дооматтары канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?

-Бир топ эле жүйөлүү. Азыркы учурдагы жүргүзүлүп жаткан расмий саясат стабилдүүлүк деген шылтоо менен көпчүлүк көз караштары башка болгон саясатчылардын бардыгына бөгөт коюу жолун тандап алгандагысына каршы аракет деп эсептейм.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG