Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

БУШТУН БУРА СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮ ДЕМОКРАТТАРДЫН КЫЧЫГЫНА ТИЙДИ


Америкалык демократтардын лидерлери президент Жорж Бушту Израилдин парламентинде --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9204C4C8-0EE2-469D-BBEA-D13D325CD468.asp сүйлөгөн сөзүндө АКШдагы мамлекет башчылыгына талапкерлерди, алардын ичинде сенатор Барак Обаманы “нацисттик пацифисттерге” теңештирди деп айыпташты. Ак үйдүн өкүлдөрү мындай ырастоолорду четке кагышты.

1939-жылы нацисттердин танктары жабалактап Польшага каптап киргенде америкалык бир сенатор: “Кудай акы, эгер мен Гитлер менен сүйлөшө алганымда барбы, бул балакеттин баары башталмак эмес!” – деп айткан экен.

Тарыхта калган укумчул ушул фактыны эстеп, президент Буш израил парламентинде сүйлөгөн сөзүндө АКШда да азыр террорчулар жана радикалдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деп ойлогондор бар экенин белгилеген эле. Бу көз карашты жактагандар жүйөөлүү аргументке экстремисттер деле ынанып, каталыгын мойнуна алып калчудай көрүшөт. Чындыгында болсо мунун баары жан кыйнабай эле тынчтыкка жетүүнү көксөгөн куру кыял.

Буштун бул сөздөрүн кнессеттеги депутаттар дүркүрөтө кол чаап, коштоого алышты. Алар, сыягы, жакында эле Жакынкы Чыгышта болуп, “Хамастын” лидерлери менен жолугуп кеткен экс-президент Жимми Картерди эстешсе керек.

Ал эми АКШнын өзүндө быйыл күздөгү шайлоодо Ак үйдү алабыз деп жатышкан демократтар Буштун сөздөрүн “саясий кармаштын кайбат ыкмасы” катары кабыл алышты. Атүгүл мындан алардын президенттикке башкы талапкери болгону турган сенатор Барак Обаманы жаманатты кылуунун аракетин көрүштү.

Обама өнөктүк маалындагы сөздөрүндө кокус президент болуп калса, анда Ирандын, ошондой эле Сирия, Түндүк Корея, Венесуэла, Куба сыяктуу өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушарын айткан эле. Бирок “Хезболла”, ”Хамас” өңдүү уюмдарды бул планда дегеле оозго алган эмес.

Обама өз атынан таркаткан билдирүүдө Буштун саясий оппоненттерге асылуунун осол жолуна түшүп алганына өкүнүч билдирди. Опузалагандан башка майнаптуу эч кандай иш кылбаган азыркы администрацияны айыптап, Обама Иран же Сирия сыяктуу режимдерге кысым көрсөтүү үчүн учурунда Кеннеди, Никсон жана Рейган колдонгон усулда АКШнын колундагы бардык элементтерди, өзгөчө бекем, принциптүү жана тике дипломатияны пайдалануу керектигин дагы бир жолу кайталады.

Демократ-сенатор Жозеф Байден президенттин сөздөрүн “болбогон кепке” чыгарды. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси саясий этиканын эрежелерин эске салды. Адатта чет өлкөдө жүргөндө президент өлкөнүн ичиндеги оппоненттерин, алар болсо президентти сынга албайт. Бирок Буш бул жолу Израилде, спикердин айтымында, президентке ылайык келбеген иш жасады.

Ак үйдүн өкүлдөрү бул айыптарды дароо төгүнгө чыгарышты. Алардын айтымында, кеп конкреттүү ысымдар жөнүндө эмес, “Хамас” жана “Хезболла” менен сүйлөшүүнү эп көрүшкөн АКШдагы адамдардын кеңири чөйрөсү жөнүндө болуп жатат. Президент өз сөзүндө Обаманын атын дегеле атаган жок, деп айтты Буштун басма сөз катчысы Дана Перино. Ошол эле учурда президент болууга дама кылып жаткан айрым талапкерлер дүйнө алардын тегерегинде гана айланып жаткандай ойлошорун да белгилей кетти.

XS
SM
MD
LG