Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

АКШ: ДЕМОКРАТТАРДЫН УЗАРГАН ЖАРЫШЫ УБАЙЛУУ БОЛУШУ МҮМКҮН


АКШда жарым айдан соң сынамык шайлоо – праймериздер – сезону бүтөт. Республикалык партиядан президенттикке талапкерлик мандатты сенатор Жон Маккейн утуп алды. Ал эми демократтарда болсо сенаторлор --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/79A90D90-0775-4D9D-AE34-F233FE4CCC35.asp Хиллари Клинтон менен Барак Обаманын талашы августтагы курултайда чечилет шекилди.

Жалпы жарышта саал артта калса да сенатор Хиллари Клинтондун дегеле чарчап-чаалыккандай жана күрөштөн баш тарткыдай түрү жок. Буга карабастан көпчүлүк байкоочулар менен эксперттер жарыштын баш байгесин сенатор Барак Обамага ыйгара башташты. Алардын ичинде Нью-Йорк университетинен саясий илимдердин профессору Роберт Спицер да ушундай кыязда.

“Жалпы көрсөткүчтөр Барак Обама демократиялык партиянын талапкери болорун кыйла эле таасын айгинелеп турат”,- дейт ал. Ошондуктан Спицер Обамага партиялаш оппоненти Клинтонго караганда күздөгү чечүүчү таймашта башкы атаандаш болот деп жаткан Жон Маккейнге көбүрөөк көңүлүн топтоого кеңеш берет.

Деген менен демократтардын өтө эле улаарып кеткен жарышы жалпы партиянын көп күчүн алып, атүгүл ага ичтен биртке жарака салып койду. Ушул себептен улам күздөгү күрөштө алардын талапкери ташыркап калышы ыктымал деген да бүшүркөөлөр бар.

“Клинтон менен Обаманын таймашына, анын табиятына жакшылап баам салып көрсөк, менимче, эки атаандаштын бири да мындан зыян тарткан жок, - дейт Спицер.- Тескерисинче, экөө тең такшалып, тажрыйбасын арттырды”. Өзгөчө Обама оңдон-солдон айтылган сындарга, айыптоолорго татыктуу жооп кайтара билгенге үйрөндү. Бул жарыш августка чейин уланган күндө деле, Спицердин баамында, жалпы эсепте демократтарга бардык жактан пайдалуу болушу мүмкүн.

“Күч-каражат көп сарп болгону, ич ара жиктелүү пайда болгону, албетте, жакшы эмес,-дейт Спицер. – Бирок партия баш кошуп, күзгү күрөшкө чечкиндүү камына алса, анда демократтар көп жагынан жакшы позицияда турат”.

Айтмакчы,өткөн бейшемби күнү Эй-Би-Си телекомпаниясы жарыя кылган коомдук пикирдин соңку натыйжалары демократтардан ким талапкер болсо да Маккейн утулуп калышы мүмкүн экенин көрсөттү. Эгер Клинтонго туш келсе, Маккейн андан төрт-беш процент кем добуш алышы ыктымал. А кокус Обама экөө кармашып калса, Маккейн андан 7 процент артта калышы мүмкүн.

Обама өз жеңишине бекем ишенип калгандай. “Клинтондун күрөштү уланткысы келгенин урматтайм”,- деп айтты ал партиялаш атаандашы тууралуу. Бирок партиядан талапкер болуп көрсөтүлөр замат Клинтонго жана бардык демократтарга кайрылып, жабыла партиялык биримдикти чыңдоону сунуш кыларын да ырастады.

Обама соңку кездеги сөздөрүндө Клинтонго катылгандын ордуна негизинен Маккейнди бутага алып калды. Маккейн да өз кезегинде Обаманы көп сындай баштады.

XS
SM
MD
LG