Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:34

ОРУСИЯ КАРАМАЙ КУУРУН БЕЛАРУС ЖЕРИНЕН ЧЫГАРЫП КЕТЕТ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын жаңы премьер-министри Владимир Путин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/9E8E54E4-D185-4FB9-B1BA-C59DF3FC065E.asp шаршемби күнү Ленинград облуcунда «Түндүк» долбоордун тушоосун кесүү каадасына катышты. Ал жерде сөз сүйлөп, буга дейре Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан өлкөлөрдүн аймагы аркылуу жеткирилип турчу орусиялык карамайды жакынкы убактан тартып орусиялык порттор аркылуу экспорттоого өтө тургандыктарын билдирди.

Байкоочулар Орусия четке карамайын чыгарып сатууда, мурдагы жолуна катар дагы бир жол салып жатышы, анын баарыдан мурда, Украина жана Беларус жерлери аркылуу өтчү куурлар алдында көз каранды болгусу келбегендиктен, ошону менен катар Кремлдин таасиринен четтеп бараткан бул өлкөлөргө ушундай саясий жана экономикалык кысым көрсөтүү аракетинен улам болуп жатат дешет.

Азыркы тапта Кремл бийлигинин Батышка энергия кубатын өндүрүүчү отун чыгарып сатуусу «Түндүк сел» аталышта тармак менен үзбөй жеткирилип келет. Ал тармакты Путиндин сунушу менен 2005-жылдан бери Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер жетектейт. Ал тармактын кууру мурда советтик республикаларга кирген өлкөлөрдүн аймагы аркылуу өтөт.

Үстүдөгү жылы «Газпром» батышты карай кеткен дагы бир тармак - Болгария, Венгрия, Греция, Балкан аралы жана Италияга кетчү - «Түштүк сел» куурун жаткырмак болуп, ага жетекчи болушун өтүнүп Италиянын мурдагы өкмөт башчысы Романо Продиге кайрылган. Бирок мурдагы премьер-министр ал сунушка макул болгон эмес.

Батыштын белгилүү саясатчыларынын көңүлүн уулоо менен карамай жана көгүлтүр отун чыгарып сатууда монополиялык кылган расмий Москва бийлиги өз таасирин Европага азыркыдан да кең жайылтууга аракет жасаганы байкалууда, деп баамдашат адистер.

14-майда Орусиянын премьер-министри Путин мамлекеттик сыналгыдан жаңы карамай жүктөлгөн танкерди Европага жөнөтүп жатып, ал тарапты карай жаңы куур жаткырыла тургандыгын айтты:

-Буга окшогон долбоордун маанилүү жагы - биздин экспортко чыгарылчу товарыбызды негизги сатып алуучуларга жеткирүүдө эми кошумча жол менен чыгара алабыз.

“Эркин Европа/Азаттыктын” кабарчысы Юрий Дракахруст жазганга караганда, орусиялык жаңы курулуп аткан куур Беларус жерин айланып өтөт. Орусиянын мындай кадамга баруусуна Беларус ырасмий бийлиги себепкер болду. Эмне дегенде ал быйыл жыл ичи өзүнө карамай коюучу өнөк издеп Венесуэла, Иран, Азербайжанга чапкылап жүрүп расмий Москвага жаман көрүп алды. Ошондуктан эми Кремл кааласа берки кууру менен, каалабаса аркы кууру менен отун жеткирип, Беларусту жалдыратып колун толгогонго өтөт:

-Бул Москванын жолго кетчү чыгымын өндүрүп алууга карата жасаган аракети. Муну орус муштоо дейт. Монополдук абалын жоготкусу келбегенден улам жасап аткан аракети.

XS
SM
MD
LG