Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

19-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Түркстан башкы курорттук башкармачылыгы тарабынан, 1924-жылы Жалалабат курорту мамлекеттик маанидеги денсоолук сакайтуучу тизмеге киргизилген. 1929-жылдын бу күндөрү Токмок шаарынын жанынан селитра менен кара топурак запасы ачылганы белгилүү болду.

1898-жылдын бу күнү Россия империясынын Жер иштетүү жана мамлекеттик мүлк министрлиги жер которуучулар үчүн атайын жардам фондду курган. Көрсөтмөдө белгиленгендей империянын ортоңку аймагынан жер которгондор үчүн жеңилдиктер каралып, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынган эмес. Эгер зарыл учурда жер которгондорго жер керек болсо, жергиликтүү калктын айыл, кыштактары тартылып берилчү жагдайлар каралган.

1904-жылы Пишпекте уйгур башталгыч мектеби ачылган. Жаңы окуу жай шаардагы билим берүүчү диний мекетептердин катарын толуктаган.

Түркстан башкы курорттук башкармачылыгы тарабынан, 1924-жылы Жалалабат курорту мамлекеттик маанидеги денсоолук сакайтуучу тизмеге киргизилген. Мамлекеттик бюджет эсебинен мында суу иче турган дартка даба булактар таш менен тосулуп, эс ала турган жайлардын курулушу каралган.

1929-жылдын бу күндөрү Токмок шаарынын жанынан селитра менен кара топурак запасы ачылганы белгилүү болду. Адистер селитраны аскердик максат үчүн кара топуракты талаага чачуу максатында колдонууга сунуш кылышкан.

1935-жылы Фрунзе жумушчулар, кызыласкердик жана дыйкандардын шаардык кеңеши борбордон акыр-чикирлерди ташып чыгаруунун жаңы тартибин кабыл алган. Ал убакта шаарда канализация курула электигине байланыштуу, акыр-чикирлер түн ичинде ташылып, анын маршруту белгиленген.

Болочок академик А.Окладников жетектеген СССР Илимдер Академиясынын археолого-этнографиялык экспедициясы Сталин, азыркы Московский районунун Мамай өрөөнүндө байыркы турак жайды тапкан. Анда колодон жасалган эстелик үлгүлөрү, бай тарыхый материалдар чыккан.

1948-жылдын бу күндөрү Быстровка-Рыбачье багытында поездддер жүрүп баштады. Поезд Чалдыбардан баштап көл кылаасына чейинки калк жашаган аймактарды байланыштырып, өлкө экономикасы үчүн маанилүү роль ойногон.

1922-жылдын бу күнү Ленин атындагы пионердик уюм уюшулган жана миңдеген кыргызстандыктар пионердик кызыл жагоо тагынышып, таалим, тарбиянын адегендеги тепкичинен өтүшкөн.

1982-жылдын бу күнү таанымал акын Акаев Кубаныч дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG