Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

“ЗАМАНДАШ” ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТЫ КУРУЛТАЙДАН БАШТАДЫ


Бүгүн Бишкекте “Замандаш” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/FEB08194-EED8-4BE8-BC77-FDC28AD39C7C.asp саясий партиясынын экинчи курултайы өтүп, ага 102 делегат катышты. Курултайда партия уставын жана программасын жаңы редакцияда кабыл алып, саясий кеңешинин мүчөлөрүн шайлады.

Өзүн чордончул саясий уюмдарга кошкон бул партиянын 55 миң мүчөсү бар. Курултайда маалымдалганга караганда, учурда партиянын облустарда 700дөн ашык бөлүмдөр иштеп жатат. Партия өз аракеттерин жер-жерлерде күчөтүп, ал аркылуу эл ичинде кадырын көтөрүү ою бар. Уставдын өзгөрүшүнүн башкы себебин партия төрагасы Мухтар Өмүракунов дал ушул максат менен байланыштырды:

- Өзгөртүүнүн башкы максаты жер-жерлердеги облустук, райондук уюмдардын иштешине мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Бул багытта уставда механизмдер каралды. Негизги өзгөчөлүгү ушул. Себеби партиянын пайдубалын баштапкы уюм түзөт да. Тилекке каршы өлкөдө андай партиялар аз болуп жатат.

“Замандаш” саясий чоң күрөштөрдө утушка жете элек жаш партиялардын катарында саналат. Ага жараша партиянын катарында буга чейин аты таанылган саясий лидерлер да жок. Бирок 16-декабрдагы кезексиз парламенттик шайлоого катышууга даяр 22 партиянын катарында болушу “Замандаштын” кадырын көтөрдү. Саясат таануучу Марат Казакбаев парламенттик шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилбесе, алдыга чыккан беш-алты партиянын бири “Замандаш” болмок деген ойдо.

Саясий уюм чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынын “Замандаш” ассоциациясынын негизинде бир жарым жыл илгери түзүлгөн. Ага жараша ал негизинен чет өлкөлүк мигранттардын колдоосуна таянат жана алардын укуктарын коргоого көбүрөөк ынтызар.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, орто эсеп менен чет өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандыктар жылына өлкөгө 1,5 млрд. доллардан ашык киреше алып келет. Көз карандысыз экономисттердин баамында калктын жашоо-тиричилигиндеги туруктуулукту ириде тышка чыгып кеткен эмгек мигранттарынын каржылык колдоосу сактап турат. Партиянын ушундай ички-тышкы мүмкүнчүлүктөрүн эске алган айрым талдоочулар 2012-жылы болчу парламенттик шайлоодо “Замандаш” күчтүү партиялардын бири болот деп болжошууда.

Саясат таануучу Жолборс Жоробековдун көз карашында замандаштын мүмкүнчүлүгү кеңири, бирок баары бир ал “Ак жол” партиясына теңеле албайт, бирок “Ата мекен”, Социал-демократтар сыяктуу партияларга атаандаш болушу мүмкүн:

- “Ак жол” партиясынын базасы, деми күчтүү, анткени аны президент жетектеп турат. Казакстандагыдай, Орусиядагыдай эле “Ак жол” партиясынын ооматы келип турат. Андан кийин илгертен келаткан “Ата мекен”, Социал-демократтар партиялары бар.

Чакырылгандардын ичинен курултайга акыйкатчы Турсунбек Акун менен “Ак шумкар” партиясынын лидери, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Темир Сариев гана келишти. Өзүнүн келишинин себебин Сариев “Ак шумкар” менен “Замандаштын” багытынын окшоштугу менен түшүндүрдү. Экс-депутаттын ишениминде эки-үч күчтүү партия түптөлө турган келечектеги Кыргызстанда бул эки партиянын орду сөзсүз болот:

- Программаңар боюнча дагы, көз карашыңар боюнча дагы, оюбуз боюнча дагы биз жакын партиябыз. Келечекте партия абдан өнүгүп-өсүп, эки-үч абдан күчтүү партиялык система кире турган болсо баарыбыз чогулуп ошол күчтүү партияда болобуз деген оюм, ишенимим бар.

“Замандаш” партиясы болсо оппозициялык, бийликчил көз караштагы саясий күчтөрдүн бири менен да ашкере жакындашпай, өз алдынча иш алып барууга ынтызар болууда:

-“Акыйкат үчүн” да, өкмөттүн дагы биздин элге, саясий түзүлүшкө коркунуч келтирбей турган, мамлекетке пайда алып келе турган билдирүүлөр, иш-чаралар болсо колдойбуз. Ал эми жалпысынан кандайдыр бир уюмду колдоо деген бизде болбойт.

Курултайда айтылганга караганда, жакынкы аралыкты партия күчүн күздө болчу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга үрөчүдөй. Мындан тышкары “Замандаш” маалымат агенттигинен, гезит-журналдан куралган маалымат борборун негиздеп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG