Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

12:26 М.Ниязов: “Сүйлөшүү жолу менен бир топ маселени чечүүгө болот”


Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстандын байлыгы болуп эсептелген суу - коңшулар менен бир топ маселени чечишүүгө жардам бермек деген пикирин айтты. “Орто Азия суусунун 90% жакынын Кыргызстан менен Тажикстан берет. Ошол жагынан биз жакшы иштешип, бир консорциум таап, сүйлөшүп, баарын комплекстүү караганда чегара проблемалары да акырындык менен, тынчтык жол менен чечилип келмек. Ошондой эле стратегиялык максатта Өзбекстан, Казакстан менен биртоп орчун маселелерди чечүүгө болор эле”, - деди М.Ниязов. Саясатчы коңшу өлкөлөрдүн лидерлери, коопсуздук кеңешинин катчылары, чегара кызматынын башчылары жана ички иштер министрлери тез-тез жолугуп турса, ортодо бир катар маселелер чукул арада чечилет, деген оюн ортого салды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG