Буш ошондой эле Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык келишими үстүбүздөгү жылы жетишилет деген бекем ишенимин билдирет. Ал мындан тышкары аймактагы бардык өлкөлөрдү Газа тилкесин көзөмөлдөгөн "Хамас" уюмуна каршылык көрсөтүүгө чакырат. Кошмо Штаттары "бул топ тынчтык аракеттерине кедерги болуп жатат" деп эсептейт.
Мунун алдында Буш Палестин президенти Махмуд Аббас менен жолукканда палестин элинин тагдырына кабыргасы кайышып сүйлөгөн эле:
-Палестин элинин кеңири мүмкүнчүлүктөрүнүн кендири кесилгенин көргөндө жүрөгүм сыздайт. Алар адамгерчиликтүү, акылдуу, колунан иш келген адамдар, жолу ачылса өз өлкөсүн гүлдөтмөк.
Бул күнү Буш Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен баарлашкан. Бүгүн Пакистандын жаңы өкмөт башчысы Юсуф Раза Жилани менен жолугушту.
Жилани менен сүйлөшүүсүндө Буш азык-түлүктүн тартыштыгынан жапа тартып жаткан Пакистандын экономикасын жакшырууга кеңеш берип, терроризм менен күрөшкө жардам сунуш этти. Жилани өз кезегинде Пакистандагы экстремисттер менен күрөшүүгө сөз берди. Ал мындай экстремизмди "адамзатына жана бүт дүйнөгө каршы" күч деп мүнөздөдү.