Уюмдун баш катчысынын гумманитардык иштер боюнча орун басары Жон Холмз Мянманын аскердик бийликтерин жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү үчүн БУУнун кызматкерлерине көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүнү сурамакчы. Өлкөнүн мамлекеттик сыналгысы 2-майдагы "Наргиз" деген бороон-чапкындан 78 киши каза таап, 56 миң чактысы дайынсыз жоголуп жаткандыгын билдирүүдө. "Балдарды сактайлы" аттуу эл аралык жардам агенттиги бүгүн Мянмада көптөгөн жаш балдар ачарчылыктан чарчап калуу коркунучуна туш келип жаткандыгын эскертти.