«Азаттыктын» кабарчысы жолуккан делегаттар жыйынга өз ыктыяры менен катышып жаткандыктарын баса бегилешкен.
Отурумда Улуттук жыйындын катышуучулары президиум мүчөлөрүн шайлашкан. Андан сырткары өкмөткө альтернативалык комитеттер түзүлгөн. Ошондой эле Улуттук жыйын саясий мүдөөсүн билдирген жарыя кабыл алды. Жарыяда “азыркы бийликтин легитимдүү эместиги, маалымат каражаттарында эркиндиктин жоктугу, соттун бийликке көз карандылыгы жана башка ушул өңдүү көрүнүштөр демократиялык баалуулуктун өсүшүн четке түртүп салды” деп айтылат.
Орусияда бүгүнкү күндө саясий бийлик легитимдүү эмес деген баа ар бир чыгып сүйлөгөн солчулдар, оңчулдар же адам укугун коргоочулар өкүлү болсун бир ооздон айтылган пикир болгон. Маселен, "Либералдык хартиянын" саясий канатынын лидери Андрей Илларионов буларды белгилейт:
-Эгерде өлкө үчүн маанилүү маселелер парламентте, өкмөттө, массалык маалымат каражаттарында талкууланбаса, анда ал маселелер көчөдө талкууланат. Анан акыры барып атуулдардын, эртедир кечтир бир колуна курал алуусун жаратат.
Саясий талдоочулар божомолунда Улуттук жыйынды дагы бир партия же дагы бир саясий коалиция түзүлдү деп айтуу туура эмес. Бул жерде өлкө башына келген көп маселени жамы журт өкүлдөрү менен биргелешип кеңешип, кантип чечүүнүн амалы жатат. Атуулдар биримдиги фронтунун лидери Гарри Каспаров болсо, бул жерде кийинки учурда тыйпыл болгон демократиялык институттарды калыбына келтирүү жатат дейт:
-Кеп ар кыл саясий күчтөрдүн башын бириктирип туруп аракетти чогуу жасоо үчүн аларды кепке тартуу жана алар менен бирге аткаруучу ишибиздин негиздери кайсы болот - ошолорду тактоо туурасында.
Адистердин баамында, Улуттук жыйын бул жолу орус оппозициясынын башын биротоло башын бириктирүү максатты алына койгон. Буга дейре оппозициянын арасы бирикпеген боюнча эле калып келет.