Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

МЭЭРИМ КАДЫРОВА: ТЕСТ СЫНАГЫ ӨЗҮН АКТАДЫ


Бул күндөрү өлкөдө мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө жүрүүдө. Ушул иш чаранын жүрүшү боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун тестирлөөнү уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Мээрим Кадырова “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Республикалык тестирлөө Бишкек шаары менен Чүй облусунда 16-майда башталаары кабарланды эле. Жалпы республика боюнча бул иш чара кайсы убакытка чейин созулат?

-Жалпы республикалык тестирлөө 16-17-18-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өттү. Башка облустарда 27-майдан 31-майга чейин өткөрүлөт.

-Быйылкы тестирлөөгө канча окуучу катышмакчы, дегеле быйылкы тестирлөөнүн мурдагылардан айырмасы, өзгөчөлүктөрү барбы?

-Азырынча канча бала катышат толук айта албайм. Анткени 25-марттан 17-апрелге чейин каттоодон өтүштү, 33 миңге жакын абитуриент катталды. Бирок андан тышкары 16-26-29-майда кошумча каттоо өткөргөн атабыз. Кээ бир каттоодон өткөнгө жетишпей калган абитуриенттер тест өтүүчү күн алдында келип катталса болот. Ошондуктан дагы 4 миңге жакын абитуриент катталып, тест тапшырат деп ойлойм. Өзгөчөлүктөр көп деле жок, процедуралар былтыркыдай эле, бирок тесттин суроолору жаңы деп айтсак болот.

-Мындай тестирлөө быйыл акыркы жолу өтөөрү тууралуу да сөздөр айтылып кетти эле буга чейин, ага эмне себеп болууда. Чын эле токтотулганы жатабы мындай иш чара?

- Ал жөнүндө мен эч нерсе айта албайм. Анткени бизге официалдуу түрдө бизге эч ким айткан жок.

-Тестирлөө иштери башталгандан бери анын натыйжалуулугу кандай болду, дегеле бул ыкма өзүн актадыбы?

- Менин оюмча бул ыкма өзүн толук аныктады. Анткени биздин негизги максатыбыз болуп эң талантуу жана эң акылдуу балдардарды жогорку окуу жайларга тандоо эле. Өзүңөр билгендей, жети жылдан бери чындыгында жакшы окуган балдарды жогорку окуу жайларга кабыл алуу биздин тестибиз аркылуу тандалып жатат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG