Султан Юсупов учурунда Москва консерваториясын аяктап, кыргыз хор өнөрүн чет жактарга чейин тааныткан. Султан Юсупов алгачкы кыргыз хормейстри катары көп жылдар мамлекеттик опера жана балет театрында башкы хормейстр болуп иштеген жана улуттук консерваторияда жаш адистерди даярдаган. Султан Юсуповдун чыгармачылыгы тууралу “Султан Юсуповдун чыгармачылыгынын хордук миниатюрасы” жана “Кыргыз хордук адабияты тууралу чакан очерктер” аттуу китептерин жазган Улуттук консерваториянын дирижердук кафедрасынын башчысы Айнагүл Мураталиева Султан Юсуповду кыргыз хор өнөрүнүн бардык өкүлдөрүнүн мугалими деп атады:
-Мен Султан Юсупов менен 1975-жылдан тартып бирге иштеп калдым. Ал кишиден көп нерсени үйрөндүм. Дегеле бардык кыргыз хормейстрлери Султан Юсуповду мугалимибиз деп атайбыз. Анткени ал киши кыргыз хор өнөрүнө өтө чоң эмгек сиңирген.
Султан Юсуповдун “Күкүк”, “Ата-энем өскөн жер аман”, “Күбөсү болгун сүйүүнун”, “Россия”, “Жайкы түн”, “Паризат” хорлору алтын фондуга алынган. Бүгун Улуттук консерваторияда саат 9 да баштала турган “Булбул үндөр” республикалык фестивалы Султан Юсуповдун 90 жылдыгына арналмакчы:
Ал эми эртең болсо улуттук опера жана балет театрында маркум композитор, алгачкы кыргыз хормейстри Султан Юсуповдун 90 жылдыгы ырасмий белгиленип, чыгармалары аткарылмакчы. Султан Юсуповдун окуучуларынын бири Айнагүл Мураталиеванын айтымында мурда кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип кеткен хормейстр Владимир Шиллер Султан Юсуповдун хорого жазылган 4 чыгармасын немец угармандарына тааныштырмакчы.