Социал-демократиялык партиянын Оштогу лидерлеринин бири Айбек Исаев Кыргызстандын башынан жалгыз партиянын башкаруу системасы өткөндүгүн, анын арты кайгылуу аяктагандыгын эске салып, саясий уюмдар канчалык көп болсо, мамлекеттин өнүгүшүнө ошончолук кеңири жол ачылат деген ишенимде:
- Көп партиялуулук болсо, өнүгүүнүн дагы жолдору ачылмакчы. Бардык партияларда мыкты адистер, өзүнүн ишин жакшы билген саясатчылар бар. Ошолорго саясий аренадан орун берсе дурус болмок. Ошондо конструктивдүү иштер алдыга жылмак.
Коммунисттик партиянын өкүлү Базарбай Ибраимов да бийликтин бардык бутактарына оппозициялык маанайдагы саясий уюмдардын өкүлдөрүн көбүрөөк тартып иштетпесе, Кыргызстандын келечеги бүдөмүк экендигин билдирди:
- “Ак жол” партиясынын кылган ишин, кемчиликтерин айтып турбаса партиянын иши жүрүшпөйт. Жаңы келген өкмөттүн кемчилигин да оппозиция элге айтып турбаса, аны эч ким айта албайт.
«Былтыркы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» 30-40 орун уткан. Тилекке каршы, жыйынтыгы бурмаланып, соттошуудан да майнап чыккан жок. Эми келерки саясий таймаштарда опппозиция жолбашчылары биригип, ири ийгиликтерге жетишет деген үмүт чоң. Ошондо жалгыз партиянын диктатурасына сөзсүз бөгөт коюлат», - дейт «Ата Мекен» партиясынын Ош шаардык төрагасынын орун басары Үсөн Бакаев:
- Былтыркы шайлоодо жакшы эле жыйынтык болгон. Кеминде 30-40 орунду алат элек. Соттоштук, соттон өтө албадык. Кудай бурса келерки шайлоодо жакшы орун алабыз, оппозициянын лидерлери кошулуп депутаттыкка келишет.
«Ак жол» партиясынын Ош облустук жетекчилеринин бири Амирбек Арзыбаев атаандаштарынын пикирине кошулбай тургандыгын айтып, кыргыз эли жана оппозиция өлкөдө диктатуранын орнотулушуна жол бербей тургандыгын билдирди:
- Буга мен кошула албайм. Себеби партиялар тескерисинче жыйынтык чыгарып, орусча айтканда перегруппировка башталып, ушул багытта кетип атышат. Биздин Кыргызстан өзү тарыхый эркин калк, эч кандай диктатурага баш ийген эмес. «Ата мекен», «Коммунисттер» «СДП» жана ушуга окшогон партиялар өзүнүн позицияларын күчөтүп атат.
Саясат тануучу Эркин Абдыразаков бийликтин «Ак жол» партиясы мамлекеттин бүтүндөй тагдырын мойнуна алгандыгын монополия катары баалап, күздө элди социалдык-экономикалык кыйынчылыктар күтүп тургандыгын, ошондо бул уюм калк алдында сурак берээрин эскертти.
- Чынында Кыргызстанда бир партия мамлекеттик ишти жана парламенттик ишти өз колуна алып алганы, анан башка партиялардын демилге көтөргөнү менен эч кандай өтпөй калып атканы албетте өкүнүчтүү. Бир эле «Ак жол» даңгыраган жол менен кетип атат деген сөздөн алысмын. Себеби эртеңки күнү күздө социалдык-экономикалык жактан көптөгөн кыйынчылыктар кыргыз элин күтүп турат, мына ошондо эл сурап алат.