Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

ЖАЛАЛАБАТ: МААЛЫМАТ КООПСУЗДУГУНДА КӨЙГӨЙЛӨР АРБЫН


Жалалабат облусунун маалымат коопсуздугунда көйгөйлөр арбын. Чегара аймактарында өзбекстандык сегиз маалымат каражаты --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/76EE05C7-7941-4719-98A6-40ED1F24E299.asp таасирдүүлүгүн күчөтүп, кызыктуу телесериалдары жана жаңылыктары менен элди тартып алууда. Карапайым тургундардын мындай пикирлерин кубаттаган облбийликтин маалымат кызматы маалымат коопсуздугундагы проблемаларды ырастаганы менен бул багытта эч кандай иш аткарылбай жатат деген көз карашка кошулган жок.

Облустун маалымат каражаттары болгон окуяны дароо чагылдырууга алсыз. Маалымат мейкиндигин ээлегиси келген УТРКнын көрсөтүүлөрү эксперттердин изилдөөсүнө ылайык элге толук жетпейт жана көрүүчүлөрдү кызыктыраар берүүлөр аз. Маалымат коопсуздугундагы көйгөйлөрдөн улам жарандардын маалымат алуу эркиндиги бузулууда. Мындай бөксөөлүктү баамдап келаткан облус тургуну Нуркан Койчуманованын ырасташынча, Кыргызстан түштүк аймагында таасири күчтүү болгон Өзбекстандын маалымат каражаттарынан артта калууда. Коңшу мамлекеттин телерадиосу менен бирге өзбек тилиндеги жергиликтүү көрсөтүүлөр менен гезиттердин да саны артууда:

- Маалыматты жеткиликтүү берүү жетишпей жатат. Мамлекеттик телеканалдын өзүнүн каналы жок. Сегизден ашык Өзбекстандын каналы басып кеткен. Жадакалса “Ош ТВ”, “Мезон ТВ” бардыгы өзбек тилинде берет. Бул биздин идеологиябыздын өсүшүнө, Кыргызстандын улуттук өзүнүн өнүп-өсүшүнө тескери таасирин тийгизип жатат.

Облустун тургуну Абдрахман Ташиевдин үйбүлөсү да өзбекстандык телесериалдарды кызыгып көрүшөт. Анын баамдоосунда УТРКнын саясатташкан берүүлөрү көрүүчүлөрдү тажатууда:

- Азыр көбүнчө Өзбекстандын телесериалдарын көрүп атышат. Бизде жалаң кыргыздар жашайт, жарымы өзбекче сүйлөп калды. КТРдин берүүлөрү элге жакпай атат, ал жерде бийликтегилер отуруп алып бирин-бири эле мактай берет. Күнүгө эле бир-эки адамды мактай берсе, эл жадайт экен, аны көргүсү келбейт экен, көрбөйт.

Маалымат коопсуздук маселесинде өлкө коңшу мамлекетке уттурууда. Техникалык жактан жакшы камсыз болуп, кызыктуу көрсөтүү жана жатык тили менен өзүнө тарткан Өзбекстандын көрсөтүүлөрүнө элдин тартылышы эне тил менен улуттук каада-салттын бара-бара унутулушуна өбөлгө түзүүсү ыктымал. Ушундай ойдогу тележурналист Бегайым Токтоналиева өлкөнүн геосаясий коопсуздугу олуттуу маселеге айланганын айтат:

- Маалымат коопсуздугу аябай күч алды. Биздин Кыргызстанда бир гана биринчи канал КТРди гана көрүшөт. Ал да көп жерлерге жакшы жетпейт. Көргөн берүүлөрү башка тилде болуп атат. Бул биздин геосаясатыбызга көп таасир кылып атат. Келечекте коопсуздукту биздин мамлекетибиз алдын албаса жаш балдарыбыз өзүнүн кыргыз тилин унутуп калат. Унутмак түгүл, силердин президентиңер ким десе, коңшу мамлекеттик президентин айтканга мажбур болушат. Себеби алар эч кандай маалымат албаса, Кыргызстан жөнүндө телеканалдар жок болсо ошондой болот да.

Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу үчүн облустук сыналгы өзүнчө жыштык алууга аракет жасоодо. Маалымат коопсуздугу орчундуу маселеге айланганын ырастаган облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов бул багытта иш-аракеттер болбой жатат деген пикирге кошулган жок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG