Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

ГРУЗИЯ БҮГҮН ЖАҢЫ ПАРЛАМЕНТ ШАЙЛАЙТ


Грузияда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/01/B0BF6F54-59EA-4D79-8336-17927FC4E8FD.asp бүгүн парламенттик шайлоо болот. Өлкөдө жүз элүү депутаттык орундун 75и партиялык тизмеге бөлүнгөн, калган жарымы бир мандаттуу округдарга берилген. Парламентке өткөнгө азыркы башкаруучу “Бирдиктүү улуттук кыймыл” менен оппозициядагы сегиз партия, саясий үч блок атаандашууда. Байкоочулар бүгүнкү шайлоону баарыдан мурда президент Михаил Саакашвили үчүн кезектеги чоң сыноо катары карап жатышат.

Быйыл январдагы президенттик мөөнөтсүз шайлоо өлкөдөгү саясий күчтөр ортосуна ого бетер от жагып, жалпы кырдаалды бир топ кыйындатып жиберди. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин Борборазия-Кавказ институтунун директору Сванте Корнелл грузин саясатчылары ашкере жиктелип кетишкенин, алардын арасындагы аразы терең экенин, оппозициянын чоң бөлүгү аламан салып, кайрадан көчөлөргө чыкканга даяр турганын белгиледи.

Мунун чындыгын бириккен оппозициянын беделдүү мүчөсү Гиа Тортладзе ырастады. “Эгер шайлоо адилет өтсө, анда ким болсо да кызматташып, ар кандай маселени талкуулаганга даярбыз, - деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына. – А кокус бийликтер шайлоону көз көрүнө бурмалап, өз өкүлдөрүн күргүштөтө парламентке өткөргөнгө аракет кылса, анда мунун саясий салакасы оңой болбойт”.

Бириккен оппозициянын эки лидери – январда мамлекет башчылыгына талапкер болушкан Леван Гачечиладзе менен Давид Гамкрелидзе президент Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясын шайлоонун жыйынтыктарын будамайга салып бурмалоодон атайын сактандырышты. Лидерлердин айтымында, кокус бийлик бул жолу да мурдагы адатын кармата турган болсо, нааразылык акциялары жалпы элдик көтөрүлүшкө айланып кетиши мүмкүн.

Бийликтер бүгүнкү шайлоо демократиялык, эркин жана ачык-айкын шартта өткөрүлөт, бул үчүн колдон келгендин баары жасалат деп ишендиришти. Добуш берүү процессине көз салганы беш миңдей байкоочулар келишти, алардын жарым миңдейи европалык өкүлдөр. Эл аралык уюмдардын жетекчилери бул шайлоо Грузия үчүн эң башкы демократиялык сынак болорун эскертишкен.

Байкоочулар болсо бүгүнкү шайлоо баарыдан да президент Саакашвили үчүн чоң сыноо болот дешет. Былтыр ноябрдагы, быйыл январдагы окуялардан кийин ал алыс-жуук жамаатка ооз жүзүндө гана демократияны колдоп, иш жүзүнө келгенде өмгөкчүл режим орноткусу келген лидердей көрүнүп алган эле. Калк арасында анын социалдык саясатына, айрыкча өлкөнү энергетикалык кризиске отургузуп салганына нааразы болгондор да арбын.

XS
SM
MD
LG