Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

ШКУнун ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯСЫ КАЙДА ЖАЙГАШАТ?


Кыргызстан Шанхай кызматташуу уюмунун штаб-квартирасы Чолпоната шаарында жайгашкан Парламенттик Ассамблеясын түзүү демилгесин көтөрүп келатат. Кытайдын парламенттик делегациясы менен 20-майда Бишкекте болгон сүйлөшүүлөрдө Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров бул маселени козгоп, ШКУга --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/08/6EEAD9B8-A158-4F7F-A6EF-E0823C524EC0.asp кирген КМШ мамлекеттери Кыргызстандын демилгесин колдоп жатканын билдирди. Бирок ошол эле кезде ШКУнун Парламенттик Ассамблеясын Россия жана Казакстан өзүндө жайгаштырууга аракеттенип жатканы маалымдалууда.

Кыргызстан буга чейин Шанхай кызматташуу уюмунун регионалдык антитеррордук борборун Бишкекте жайгаштырууга аракет жасап, бирок ага жетише алган эмес. Антитеррордук борбор Ташкенде жайгаштырылган. Эми Кыргызстан Шанхай кызматташуу уюмунун Парламенттик Ассамблеясын Чолпоната шаарында жайгаштырууга аракет жасоодо.

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун 20-майда Кытай парламенттик делегациясы менен жолугушууда билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын демилгесин Россия, Казакстан, Тажикстан парламентарийлери колдоого алууда. Бирок Кытай делегациясынын башчысы, Кытай парламентинин төрагасынын орун басары Хань Цидэ “бул маселени чечүү үчүн даярдык иштер абдан дыкат жүргүзүлүш керектигин” белгилеп, бирок Кыргызстандын демилгеси боюнча өз оюн ачык айткан эмес.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык комитетинин төрагасынын орун басары Кабай Карабеков Шанхай кызматташуу уюмунун Парламенттик Ассамблеясын Чолпонатада жайгаштыруу Кыргызстанга пайдалуу экенин белгилеп, бирок башка өлкөлөр да ага аракеттенип жатканын билдирди:

-Азыр Казакстан, Россия биз Парламенттик борбор кылабыз деп аракеттенип жатат. Россия Екатеринбургду сунуштап жатат. Казакстан да өзүнүн демилгеси менен чыгууда. Бирок Чолпонатага жайгаштырсак эң жакшы болот эле.

Өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Парламенттик Ассамблея түзүү идеясын жактырып, бирок Кыргызстан аны жайгаштырууга даяр эмес деген пикирин билдирди:

-Парламенттик Ассамблея түзүү идеясы жакшы. Бирок аны кандай ыкмалар, кандай сунуштар менен кылып жатканы күлкүлүү болуп жатпайбы. Бу биринчиден. Анан Чолпонатада база жок да. Эмне сырттан келген депутаттарга жатакана салабызбы, же мейманкана салабызбы? Экинчиден, биздин эксперттер ошол деңгээлде ишти жүргүзө алабы? ШКУнун расмий тили биринчи кытай тили, андан кийин орус тили. Кытайчадан которуп, иштеп бергенге бизде адистер жетишеби? Айтоор Кыргызстан базалык жактан да, мазмундук жактан да Парламенттик Ассамблеяны жайгаштырууга даяр эмес.

Бирок Кабай Карабековдун пикиринде, Парламенттик Ассамблеяны Чолпонатада жайгаштыруу үчүн бардык шарттар бар. Ал үчүн ШКУ да тийиштүү каражат бөлөт. Жалпысынан Чолпоната шаарын көтөрүп алууга шарта түзүлөт. Кыргызстандын аброю артат.

Кыргызстандын Шанхай кызматташуу уюмундагы улуттук координатору Төлөндү Макеевдин айтымында, Парламенттик Ассамблеяны түзүү маселеси ШКУга кирген мамлекеттердин президенттери тарабынан талкуулана элек. Эми ушул багытта иш жүргүзүлүш керек.

Макеевдин пикиринде, Ассамблеянын түзүлүшү ШКУнун ишине оң салымын кошот:

-Албетте оң салымын кошот. Анткени канча кол коюлган документтер ратификациядан өтүш керек. Анан мыйзамдарды шайкеш келтирүү деген бар. Ушу тараптан алганда албетте, эгерде Ассамблея түзүлсө абдан эле көп жакшы нерселерге түрткү бермек.

Макеев Ассамблеянын Кыргызстанда орун алышын кубаттоого алды:

-Шанхай кызматташуу уюмунун эл аралык аброю абдан эле жогору болуп жатат. Анан эгерде мындай уюмдун бир штаб-квартирасы - Парламенттик Ассамблеясынын штаб-квартирасы Кыргызстанда жайгашса, биздин кичине өлкөнүн абрюн арттырмак. Бул ишке ашса абдан эле жакшы болмок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG