Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

АКШ: ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ОРТОСУНДА КАРМАШ КҮЧ АЛДЫ


Бул узак таймаштын аягы дале көрүнбөйт. АКШ президенттигине --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/87B72996-7C9E-435F-B784-8D216780B999.asp Демократиялык партиядан талапкер болуп көрсөтүлүү жарышында Барак Обама менен Хиллари Клинтон экөө тең дагы жаңы чектерди алышты. Обама "марага жеткени калдым" деп айта баштады, бирок Клинтон мелдештен баш тартпай тургандыгын билдирүүдө.

Обама Орегон жана Кентукки штатындагы праймаризге, же делегаттар келечек талапкерлерге добуш берген шайлоолорго баратканда, талапкер болуш үчүн зарыл болгон 2026 добуштун чегине жете албай тургандыгын алдын ала билген. Бирок ал кийин Иовада өз колдоочуларына сүйлөгөндө белгилүү ийгиликке жетишкенин мындайча билдирди:

- Бүгүн түнү Айовада, жаздын толуп турган кезинде, Портланддан Луисвиллге чейинки аралыкта бизди колдогондордун жардамы менен биз Айовада Америка эли шайлаган делегаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ боло алдык. Силердин аркаңар менен биз АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан көрсөтүлүү мүмкүнчүлүгүнө жакындадык.

Барак Обаманын Айованы оозанганы атайын болду. Дал ушул жерден Обама январь айында алгачкы ийгиликке жетишкен эле. Бирок эгер ал Клинтон менен таймаш бүттү деп үмүттөнгөн болсо, ал үмүтү таш капты. Кентуккиде чоң жеңишке жетишкен мурдагы биринчи айым өз колдоочуларына ат салыштан чыгууга даяр эмес экендигин мындайча бышыктады:

- Айрымдар “силердин добуш берген-бербегениңердин айырмасы жок, бул өнөктүк бүттү, ар кимге добуш берген, ар бир добушту эсептөө туура эмес” деп жатышат. Бирок силер мындай сөзгө кулак салган жоксуңар. Силер менден эч качан үмүт үзгөн жоксуңар, анткени мен силерден эч качан үмүт үзбөй турганымды билесиңер.

Алдыда дагы үч праймариз калды. Бул добуш берүүлөрдүн акыркылары 3-июнда Монтанада жана Түштүк Дакотада болот. Бирок аларда да Обама менен Клинтон жетиштүү добуш ала алышпайт. Ошондуктан Обама эми партиянын августта боло турган талапкерди көрсөтүү курултайында кимге кааласа добуш бере ала турган супер-делегаттарга ишеним артып жатат. Акыркы бир нече жумада мындай 800 чакты делегаттын бир канчасы Обамага колдоо билдиришти. Бирок дагы 200 чактысы кимге добуш беришти чече элек.

Супер-делегаттар тууралуу сөз боло башташы Обама-Клинтон таймашынын мурдагыдай курч болбой калганын билдирет. Эки демократ атаандаш бир-бирине асылып, заардуу сөздөрдү айткан учурлар болгон. Бирок ушул шейшембиде экөө тең бирин-бири мактап, "жалпы шайлоолордо партияда биримдик болот" деп сөз беришти.

Ошондой эле Обама кийинки кездери Республикачыл партиядан көрсөтүлгөн Жонн Маккейнге көбүрөөк "асыла" баштады. Бул да болсо Иллинойстон шайланган сенатор Хиллари Клинтонду жана жалпы эле талапкер көрсөтүү боюнча кичи жарышты артка калтырып, алдыдагы коноо жарышка назарын бура баштагандыгынан белги берет.

XS
SM
MD
LG