Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Грузияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүүдө


Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча саат 22:00ге чейин созулмакчы. Ал эми шайлоочулардын саны 3,5 миллиондой. Коомдук пикирди сурамжылоонун көрсөткүчтөрүнөн караганда, президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен Улуттук кыймыл" партиясы 150 орундуу жаңы парламентте көпчүлүктү алары күтүлүүдө. Бийликти добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоону пландап жатканы үчүн айыптаган оппозициячыл партиялар кайрадан массалык демонстрацияга чыгарын эскертишкен. Азырынча кандайдыр бир толкундоолор тууралуу маалымат түшө элек.

Шайлоо Москва менен Тбилисинин мамилеси Орусия Грузия өзүнүн бир бөлүгү катары санаган Абхазия менен Түштүк Оссетияны колдогонуна байланыштуу курчуган учурда өтүп жатат. Кечээ жасаган телекайрылуусунда президент Михаил Саакашвили элди улуттук биримдикке чакырды.

XS
SM
MD
LG