Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ЖАҢГАК УЮЛДАН ЖАНДАНГАН ЧАТАК


Кыргызстан парламентинин 85 жылдыгына карата анын имаратын оңдоого 40 миллион ашуун сом бөлүнүшүн сурап мыйзамчылар өкмөткө кайрылууда. Имараттын каалга-терезе, залдарын жасалгалоого уурдалып бараткан жеринен колго түшүрүлгөн 200 кубометр жаңгакты иштетүү сунушу да айтылууда. Жаңы демилгени К.Бакиев колдобой тургандыгын президент акимчилигинин жетекчиси М.Садыркулов ырастоодо. Парламент спикери А.Мадумаров --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A34F394C-B086-4736-B253-BDCA12C71D17.asp бул анын атын чыгаруунун бир аргасы деп билдирди.

Жогорку Кеңеш төрагасы Адахан Мадумаров 21-майда журналисттерди чакырып күзүндө күтүлүп жаткан мааракеге карата парламент имаратын жакшылап оңдоого 40 миллион ашуун сом, анан да уурулардан тартылып алынган 200 кубометр жаңгакты пайдаланууга каршы чыгып жаткан президенттик акимчиликтин жетекчиси Медет Садыркуловду жалаң өз атын чыгаруу менен гана алектенген, саясий оюндарды жакшы көргөн инсан катары мүнөздөдү.

- Азыр эле М.Садыркулов мырза, президенттин администрациясы интервью бериптир, “президент мындай деп айтты”, “президент тигиндей деп айтты”, деп. Бул М.Садыркуловдун суy кечпеген өзүнө-өзү жасаган “PRы” .

А.Мадумаров мүмкүн болушунча жумуштарды аткарып, саясат менен азыраак алек болушубуз керек, дейт.

- А М.Садыркулов мырзанын пикири башка. Ал эртеден кечке саясат менен алек болуш керек. Жумушту ал үчүн башка инсандар жасап турушу керек.

Парламент спикери быйыл күздө белгиленчү 85 жылдыкка карата Жогорку Кеңеш имараты жаңыланышы керек керек деп эсептейт. Ал эми президенттик акимчиликтин жетекчиси Медет Садыркуловдун ырасташынча, 75 депутаттан 90 депутатка көбөйгөн парламенттин эмеректери жаңыланып, жыйналыш залы жаңыртылган.

- Ушул маселени талкуyга салып, күн тартибине киргизип койсо салык төлөөчүлөрдүн ою кандай болот? Туура болобу же туура болбойбу? 40 миллион сом ошого бөлүнсө туура болобу же туура болбойбу?

М.Садыркулов парламент имаратын дагы жаңылоого кызыкдар спикерге эч кандай күнөө коюлбаганын ырастап, бу талаштуy маселе тынч чечилерин билдирди.

- Мен реакциясына таң калдым. Менимче, бул маселе нормалдуу эле чечилет. Адахан Кимсанбаевич ката кетиргенин түшүнөт го.

Парламент спикери уурулардан кармалган 200 кубометр жаңгак жакын арада иштетилбесе чирип деле жок болот дейт.

- 3-4 жылдан бери турат. Мамлекеттик токой агенттигинин директору ушуну эптеп бизден куткаргыла дегендей айтты. Себеп, аны коруп отурган жигиттердин же куралы жок, же мүмкүндүгү жок. Аларга көз салгандар аябай көп. Бирок күн санап керектен чыгып баратат. Бүт баары жарылып, чирип жок болуп баратат.

Уурулардан колго түшкөн жаңгак жыгачы мыйзам тартибине ылайык жок кылынышы керек. Ошондой мыйзам автору Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, парламенттин эски имараты оңдоого муктаж, бирок да аны оңдоого оголе көп акчанын сарп кылынышы коомчулук тарабынан терс кабыл алынышы ыктымал.

- Мунун арты да болушу мүмкүн. Уюлду пайдаланабыз деген шылтоо менен ал мыйзамды жок кылып кое турган болсок, эртең жаңгак уюлун уyрдоо жанданат. Жаңгак токойлору кесилип, бул кылмыштуу иш кайрадан күчүнө кирет.

Парламент депутаты Бегаалы Наргозуев жаңгак уюлу тууралуу мыйзам сөзсүз өзгөртүлүшү керектигин ырастайт. Анын айтуусунда, уурулардан колго түшүрүлгөн жаңгак уюлу менен жыгачтары жок кылынды делингени менен уюшкан коррупциялык схеманын негизинде Өзбекстанга өткөрүлүп, андан Алманияга сатылып кетүүдө.

- Коррупционерлер өрттөйбүз деп кампаларга жыйнап алып акырындап Өзбекстан аркылуу сатып жатышат. Ошондуктан мен ойлойт элем, үчүнчү чакырылыштагылар мыйзамды кабыл алып жатканда ууруларга ачык жер калтырып коюшкан.

Б.Наргозуев жаңгакты өрттөп жок кылуy убал, ошол себептүү аны Жогорку Кеңеш иштетишинин эч кандай эрен-төрөнү жок дейт. Президенттик акимчилик жетекчиси М.Садыркулов президент бюджеттик акчаларды колдон келишинче үнөмдөө тапшырмасын бергендигин айтса, спикер А.Мадумаров мамлекет башчысы менен бул маселе боюнча көзмө-көз жолугушканын маалымдады.

- Ага жагабы-жакпайбы, президент менен акылдашканбыз. Президент өкмөткө тапшырма берген. Биз жакында эле үч саат И.Чудинов экөөбүз менин кабинетимде олтурдук. Бардык статьяларын карап чыктык.

М.Садыркулов болсо буга таң калганын жашырган жок.

- Мен ошого таң калам. Биринчи иретте ошого таң калам. Бул аябай таң калчу нерсе. Ошон үчүн М.Садыркулов жактан каяктагы популизм. М.Садыркулов Курманбек Салиевичтин тапшырмасын өткөрүп жатат. Азыр ал киши баарын аябай катуу көзөмөлгө алды.

2008-жылдын бюджетине кирбеген 40 миллион ашуун сомду Жогорку Кеңеш имаратын жаңыртууга өкмөт башчы менен спикер кайсы булактан, кантип алышканы азырынча табышмак. Анан да президенттин спикер А.Мадумаров менен көзмө-көз жолугуп премьер-министрге тапшырма бергени президенттик акимчилик жетекчисинин бюджеттик каражаттарды үнөмдөө тууралуу тапшырмасына коошпой туру. Иши кылып, мурда купуя сыр катары айтылып келген эки чиновник тиреши бул ирет ачыкка чыгып, жабылуу аяктын капкагы ойдо жок жерден минтип ачылып отурат.

XS
SM
MD
LG