Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

ГРУЗИЯ: ОРУСИЯНЫН АСКЕР КҮЧТӨРҮ ТЫНЧТЫКТЫ КӨЗДӨБӨЙТ


Аида Касымалиева, Прага Грузин-орус чатагы бүтпөчүдөй. Тескеричинче, Москва-Тбилиси --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/8EFC3C00-44F7-4AB5-AC4B-458A1FE53F53.asp тирешүүсү жакынкы күндөрү дагы бир ирээт тутанып алды. Грузиянын ичик иштер министри Орусиянын Абхазиядагы аскер күчтөрү тынчтыкты көздөбөөрүнө далил бар экенин жар салды. Министр бул айткандарына мисал кылып видеотасманы көрсөттү. Шаршемби күнү грузин-абхаз конфликти жүргөн аймакта атышуу болду. Грузия тарап Абхазияны күнөөлөп жатат. Таанылбаган Абхазиянын президенти Сергей Багапш бул айыптоолорду четке какты.

Грузиянын ички иштер министри Москва Абхазияга оор курал-жарак ташып кирип жатканына ишенет. Мындай кадам менен Орусия 1994-жылы кабыл алынган ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну одоно түрдө бузууда дейт Грузия тарап. Эсиңиздерге сала кетсек, ушул макулдашуунун негизинде Орусия Грузиянын жикчил аймагына – Абхазияга бейпил күчтөрүн жайгаштыра баштаган болчу.

Дээрлик 9 мүнөткө созулган видеотасма 4-майда тартылган. Андан 5 күн мурун Орусия Абхазияга кошумча бейпилдик күчтөрүн киргизе баштаган эле.

Грузия тарап үнү жок тасма учкучу жок учактан тартылган деп ишендирүүдө. Андан катар-катар жүк ташуучу автоунааларды, чатырчаларды жана дарыя аркылуу өткөн көпүрөнү көрсө болот.

Грузин менен орус бийликтери сонку мезгилдерде ок атышууну токтотуу боюнча кабыл алынган 1994-жылкы макулдашуу боюнча келише албай жатышат. Бул макулдашууда Грузия-Абхазия жаңжалындагы эки тарап “жерде, сууда жана абадагы ок атышууларды кылдаттык менен көзөмөлдөө” жана “бейпил аймакка оор курал-жарак жайгаштырбоо” эрежелерин аткарууга милдеттенишкен.

Бирок тараптар бул макулдашууну буздуң деген кайым айтышууларын улантышууда. Ошондуктан азыр Грузия аталган келишимге өзгөртүү киргизүү сунушун алып чыкты.

20-апрелде Абхазия Грузиянын адамы жок учагын атып түшүргөнүн кабарлап, Тблиси бул билдирүүнү четке каккан.

Грузин тарап, тескерисинче, Орусиянын МИГ кырма учагы ракеталарды жаадырып жатканын видеодон көрсөттү. Бирок тасмага канчалык ишенсе болот али түшүнүксүз.

Орустар болсо бул айыптоолорду мойнуна алышкан жок. Алар Грузия Абхазиянын аймагына адамы жок учакты учуруп, ок атышпоо макулдашуусун бузган деген жүйөөнү кармоодо.

20-апрелден тарта абхаздар грузиндердин мындай учагынан жетини атып түшүргөнүн кабарлашты. Тбилиси адамы жок бир эле учак тууралуу кеп кылууда.

Грузия-Орусия чыры Москванын Абхазияда бейпил күчтөрүн көбөйтүү чечиминен улам тутанып отурат.

Орусия 17-май күнү Грузиянын тыңчысын кармап алганын жарыялады. Орус тараптын маалымдашынча, ал Орусиянын Түндүк Кавказ аймагында жашыруун маалымат топтоп жүргөн. Тбилиси бул айыптоолорду “провокация” деп баалады.

18-май күнү түнү Грузиянын полициясы Орусиянын аскер кербенин артка кайтарды жана 5 жоокерди камакка алды.

XS
SM
MD
LG