Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

ПАКИСТАН ЭЛЧИСИН АБАКТАГЫЛАРГА АЛМАШУУ АРКЫЛУУ АЛЫП ЧЫКТЫБЫ?


Пакистандын Ооганстандагы элчиси --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/C1DECA6C-6827-4C9F-ABC0-06100DACA480.asp талибдердин колунда үч айдай убакыт турган соң өткөн аптада бошотулган эле. Маалыматтарга караганда, элчинин эркиндиги үчүн Пакистан өкмөтүнө да абактан талиб согушкерлерин чыгарууга туура келген. Расмий Исламабад жогорудагыдай кабарларды төгүндөгөнү менен дал ушундай алмашуу болгонун жергиликтүү эксперттер да айтып жатышат. Бул аралыкта АКШ Пакистанга согушкерлер менен макулдашууга барбоону эскертүүдө.

56 жаштагы Тарик Азизуддин ушул жылдын феврал айында Пакистан менен Ооганстандын чек арасынан автоунаасы менен өтөр алдында кылмыштуу топ тарабынан уурдалып кеткен эле. Маалыматтарга караганда, ал топ элчини Пакистандын Түштүк Вазирстан чөлкөмүн байырлаган талиб согушкерлерине өткөрүп берген жана ал 16-майда боштулганга чейин ошолордун камагында отурган. Пакистандын ички иштер боюнча кеңешчисинин кызматын аркалаган Рахман Маликтин ырастоосунда, элчи кандайдыр бир макулдашуусуз эле бошотулду:

-Бул жерде эч кадай макулдашуу, террорчуларга же башка адамдарга алмашуу болгон жок.

Эркиндикке Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн операциясынын натыйжасында чыкканын элчи Тарик Азизуддин өзү да айтты.

Анткен менен Пакистанда бул окуянын расмий версиясын жокко чыгарган маалыматтар көбөйүүдө. Аларга караганда, элчи Азизуддинди жана ондогон өкмөттүк аскерлерди бошотуп алуу үчүн өкмөткө да Талибандын 50дөй согушкерин абактан чыгарууга жана 287 миң доллар төлөөгө туура келген.

Пакистандын Ооганстандагы мурдагы элчиси, Талибанга карата катаал мамиленин жактоочусу Рустан Шах Мохманд "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматындагы маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

-Менимче козголоңчулардын кээ бирлери Пакистан өкмөтү тарабынан койо берилгени анык жана элчинин бошотулушу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилди. Ал сүйлөшүүлөрдө пакистандык талибдер элчини камактагы талибдерге алмашуу үчүн бошотот деп чечилген.

Жогорудагыдай маалыматтардын чындыгы бар экенине Пешавар университетинин профессору Ияз Хан да кошулат. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматына буларды айтты:

-Биз алып жаткан жаңы кабарлар гезиттер менен маалымат каражаттарыныкына окшош. Алар боюнча талибдердин мурдагы коргоо министри Молдо Обайдулла жана жогорку даражалуу дагы бир талиб бошотулган. Талибан өз тарабынан элчини гана эмес, Пакистандын элүүдөй жоокерин жана башкаларды да коё берген. Талибдер муну ырастады, бирок өкмөт айтпай жатат. Менимче бул кандайдыр бир макулдашууларсыз ишке ашмак эмес. Демек камактыгалардын алмашылгандыгы жөнүндөгү маалыматтар чындыкка жакындай.

Анткен менен маалымат каражаттарынын кийинки кабарлары Исламабад талибдердин мурдагы коргоо министри Молдо Обайдулланы чыгарган деген ырастоолорду төгүндөдү. Талибдер анын чыгарылышын талап кылган, бирок Обайдулла АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы түрмөсүнө мурда эле өткөрүлүп берилгендиктен, Пакистан аны бошото алган эмес. Анын кайсыл жерде экенин АКШ армиясы, Пакистан өкмөтү да айтпайт. Басма сөздүн жазганына караганда, элчи менен алмашылган талибердин арасында Муфтий Юсуф ысымдуу дагы бир белгилүү колбашчы да бар.

Айтор азыркы кырдаалда анык болуп турганы - Пакистандын март айынын соңунда кызматка киришкен жаңы өкмөтү Талибан менен иштешүү саясатын баштап, "ал-Каиданын" Пакистандагы лидери Байтулла Мехсудду Ооганстанга чектеш жана уруулар жашаган аймактардагы аскерий аракеттерин токтотууга ынандыруу үчүн уруу башчылары аркылуу сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Бул аралыкта АКШ Пакистан өкмөтүнө согушкерлер менен келишпөөнү эскертип жатат. Вашингтон Пакистан өкмөтүнүн экстремисттик топтор менен сүйлөшүүгө баруусунан тынчызданарын мамлекеттик катчынын орунбасары Жон Негропонте ушул шейшембиде Конгресстеги угууларда билдирди.

Ал эми НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Дан МакНейлдин айтымында, алардын анализи Пакистан менен Талибан ортосундагы буга чейинки макулдашуулар, сүйлөшүүлөр талибдер менен жүрүп жаткан, же ал тынчтык келишимине жеткен учурда деле, чегаранын ооган тарабындагы согушкерлердин кол салуулары кайра күчөшүнө алып барганын көргөзгөн. Мындан улам генерал Дан МакНейлл НАТО ооган-пакистан чегарасынын боюндагы бөлүктөрүн чыңдаганын ырастады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG