Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

ӨЗБЕКСТАН-ОРУСИЯ: КӨП КЫРДУУ САЯСАТ


Соңку апталарда Ташкент менен Москванын мамилелери сууп бараткандай ишараларга күбө болдук. 13-майда “Өзбекнефтегаз” мамлекеттик ишканасы Малайзиянын «Петронас» газ концерни --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/E1DCF636-69F8-4561-AA11-24ECBF91C72E.asp менен келишимге кол коюп, мурда орус энергетиктери чалгындаган 3 участокту малайзиялыктар иштетмей болду. Eurasia View басылмасы ушул темага токтолуп, Ташкент өзүнүн эски геополитикалык оюндарына кайтты деп жазат.

Ошентип, Өзбекстан менен Малайзия 1 жарым миллиард долларга бааланган келишимге кол коюшту. Натыйжада 2004-жылдан бери Өзбекстандын түндүгүндөгү 3 кенге үмүт артып жүргөн «Газпром» кур жалак калды.

12-майда болсо Ташкентте орустардын «Союзнефтегаз» энергия компаниясынын каржылоосу менен курулган 3 медициналык клиниканын ачылуу аземи болду. Россиянын мунай жана газ өндүрүүчүлөр биримдигинин директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Шафраникти бул иш-чарада Өзбекстандын Москвадагы элчиси гана коштоп жүрдү. Өзбекстандын бир дагы өкмөт мүчөсү ага катышкан жок.

Анын алдында, Ташкенттеги Пушкин көчөсү Эгемендүүлүк көчөсү деп өзгөртүлдү. Эң кызыгы, бул жөнүндө 7-майда, орус президенти Дмитрий Медведев ант берген күнү жарыяланды.

Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Ислам Каримовдун Медведевге жолдогон куттуктоосун басышкан жок. Ошол эле маалда, жергиликтүү интернет сайттардын бири жазганына караганда, Медведев Каримовго Жеңиш күнү менен куттуктоо жиберген.

Саясий аналитик Санобар Шерматованын пикиринде бул окуяларды өз өзүнчө алып караган оң. Жалпылап алганда, Өзбекстандын саясатында антироссиялык багыт пайда болду деген ой жаралышы ыктымал. Бир сөз болгон окуялардын себептери ар башка. Маселен, Пушкин көчөсүнүн өзгөртүлүшү Ташкент шаарынын 2 жылдан кийин белгилене турган мааракесине байланыштуу болушу мүмкүн.

-Газ келишимин алсак, «Газпром» газдын транзитине кызыкдар. Акыркы маалда компаниянын тактикасы өзгөрдү. «Газпром» Россиянын аймагындагы кендерге артыкчылык берип, аларды өздөштүрүүгө акча сарптоону оң көрөт. Себеби, ал инвестициянын тагдыры кайсы бир өлкөнүн бийликтерине багынкы болбойт.

СССР кулагандан кийин Россия менен жакшы мамилелерин өз бийлигин чыңдоо үчүн пайдаланып келген Каримов, 11-сентябрь окуяларынан кийин АКШ менен стратегиялык кызматташтыгын өркүндөтүүгө өтөт.

Бирок 2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин Ташкент-Вашингтон мамилелери кескин начарлап кетти.

Кремлден көз каранды болуу Каримовго, албетте, жакпайт, андыктан өзбек лидери АКШ жана Европа биримдиги менен мамилелерди калыбына келтирүү кадамдарына позитивдүү жооп берди. Батыштын колдоосуна ээ болуу перспективасы Москва менен алакаларды экинчи планга жылдырып койгонсуду.
Өзбекстандык көз карандысыз серепчи Камалиддин Рабилов Ташкент-Москва мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүн кеп кылганда Каримовдун ролун эстен чыгарбоо зарыл дейт:

-Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан бери Каримов Москва менен дайым конфронтацияда болуп келген. Анжиян окуяларынан кийин Москвага барганда, кээ бир маалыматтарга караганда, Каримов Кремлде Путинди 1 саатка жакын күтүп калган имиш. Каримов мындай окуяларды унутпайт.

Айрым кабарларга ылайык, Өзбекстан Москва менен масилиеттешпестен НАТОнун Ооганстан боюнча сунушуна макулдугун берди. Ооганстанга аскерий эмес жабдыктарды, тамак-аш жеткире турган темир жол Өзбекстандын аймагы да аркылуу өтмөкчү.

Жакында Россия Өзбекстандан кээ бир айыл чарба продукциясын, анын ичинде пахтаны импортоого убактылуу тыюу салды. Орус бийликтери муну коңуздун кооптуу бир түрү табылганы менен түшүндүрүштү. Байкоочулар болсо Грузиянын жана Молдованын шараптарына киргизилген чектөөнү эске салып, саясий жүйөөнү да жокко чыгарышпайт.

Ошентсе да, атын атабаган ташкенттик серепчилердин бири белгилегендей, Россия Өзбекстандын ири соода шериги, геосаясий союздашы, андыктан Ташкент Москвадан таптакыр алыстап кетет деп айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG