Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

ЫҢКЫЛАП ӨЗҮН ӨЗҮ ЖЕЙ БАШТАДЫБЫ?


Азимбек Бекназаровду президент Бакиевге кол салуу даярдаган деп УКК суракка чакырганын, жакынкы күндөрү ага ушундай ырасмий айып тагалганы турганын, убагында Акаевга кол салуу даярдаган деп айтылуу Топчубек Тургуналиевди жана бир топ бейкүнөө балдарды сыздатып туруп кесип жибергенин, ошол сценарий бүгүнкү бийлик тарабынан кайталанганы калганын маалымдаган “Де-факто” гезити бир катар суроолор менен Азимбек Бекназаровдун өзүнө кайрылды.

Бекназаров суракка эмес, УКК төрагасынын 1-орунбасары Турдубек Алмаматов сүйлөшүүгө чакырганын, анан “сиз эл арасында президентти “муну физически устранить этпесек кутулбай калдык го” деп сүйлөй берет экенсиз, сиз атактуу саясатчысыз, мунуңузду токтотпсоңуз болбойт, жөн жүрүңүз” дегенин, өзү болсо “ошентип айтып жүргөнүмө далилдериңер барбы?” деп сураганын, Алмаматов мырза “керек болсо фактыларды да таап коебуз” деп жооп бергенин, демек аны да Топчуке сыяктуу кылып, кылмыш иш козгоп, камайлы деп калышканын сөз кылып, аягында УКК жетекчилигине президент Бакиевдин өлүшүнө каршы экендигин, Акаевдин өлүшүнө да каршы экендигин, анткени Акаев да, Бакиев да Аксы окуясы жана башка күнөөлөрү боюнча соттолушу керектигин, кокус президентти кимдир бирөө өлтүрөм десе өзү баш болуп коргоого аракет кыларын айтканын кеп салып берди.

х х х

Ушул эле гезит Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин ар кайсыл учурларда сүйлөгөн сөздөрүндөгү карама-каршылыктарды же калпы чыккан жагдайларды жарыялап туралы деп чечтик деп, анысын “Балык башынан сасыйт” деген рубрика алдында окурмандарга сунуш кылган. Маселен президент К.Бакиев, 2005-жылдын 4-апрелинде Улуттук телеканал аркылуу берген интервьюсунда энергетика маселелери боюнча:

-Мен бир нерсени билем, бөлүштүрүүчү компанияларды жеке бирөөлөргө берсек эле анын жетекчиси жеке адам болуп, ал өзүнө пайда издеп, ошол замат карызы барлардын баары өчүрүлөт. Биринчи иретте карызы бар ооруканалар, мектептер, мекемелер өчүрүлөт. Башкача айтканда мен бөлүштүрүүчү компанияларды менчикке, концессияга берүүнү жактабайм, деп сүйлөсө, ушул эле маселе боюнча 2006-жылдын 3-февралында Жогорку Кеңштин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө:

- Бөлүштүрүүчү тармактарды концессияга берүү боюнча токтоосуз чаралар керек. Энергетикада бүгүн болуп жаткандардын бир гана себеби, бир гана баш оорусу бар - ал бөлүштүрүүчү тармактар. Ал жакта мамлекеттик эмес, жеке менчик ээси болмоюнча тартип орното албайбыз,- деп айткан.




Аталган гезит дагы бир жаңылыкты жар салды. Макала “Камчы Көлбаев “таажы” кийди” деп аталып, кылмыш дүйнөсүнүн таанымал каарманынын таажы кийгенин, муну ИИМдеги айрым булактар да ырастаганын, таажы кийгизүү салтанаты Маскөөдө, кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрү чогулган “Кристалл” деп аталган комплексте өткөнүн, ушундан улам күч органдарындагы аналитиктер кылмыш дүйнөсүндө мындан ары буюртма киши өлтүрмөйлөр менен таасир этүүчү чөйрөлөрдү талашуу күч алат деп болжоп жатышканын, убагында УККны жетектеген Таштемир Айтбаев Камчы Көлбаев түрмөдөн качып кетери менен “аны эми таппайсыңар, ал Кыргызстандан чыгып кетти да” деп көз ачыктык кылып санын чапканын, Камчынын жоголуп кетиши Рысбек Акматбаев менен Феликс Куловдун тирешип турган маалына туш келгенин, баарынан табышмактуусу өткөн 2007-жылдын 3-августунда Кыргызстандын Баш прокуратурасы Көлбаевдин артынан издөө салууну токтотууну ИИМге табыштап, ал эми Көлбаевддин туулган күнүнө анын боштондугун белек кылганы көптөгөн байкоочулардын оозун ачырганын, демек жакында анын катышуусу менен эр өлгөн эрегиштер болуп кетсе, жоопкерчилик кимдин мойнунда экенин коомчулуктун билип койгону оң болорун кулак кагыш кылды.


х х х

“Жаңырык апта” гезити “Жол кире кымбаттаса эмне кылабыз?” деген макала басты. Кымбаттоо шартта 2-3 миң сом айлык менен иштеген мугалимдер менен врачтардын жана пенсионерлердин жашоо-турмушу мындан да оор болорун, тилекке каршы мындай жагдай Бишкек шаар кеңешинин депутаттары менен шаар баштыгы Данияр Үсөновду ойлонто койбостугун белгилеп, эң жогорку айлыгы 3500 сом болгон мугалимдердин айлыгынын 1500 сому эле жолго кетсе, калган 2300 сому эчтекеге жетпестигин, ал эми айлыгы 1500 сом болгон жарандар кийим кийбей, тамак ичпей эле жалгыз жол кире үчүн иштеген болуп каларын белгиледи.

Мындан сырткары макалада маршруттук автобустар өз айлампасын күнүнө 5 же 3 жолудан айланарын, ар бир айланганда орто эсеп менен 100дөн эле жүргүнчү түшкөндө 500 сом түшөрүн, төрт жолу каттаганда күнүнө 2000 сом табарын, анын 900 сому майына, 200 сому тамагына, 100 сому МАИ милийсасынын чөнтөгүнө кеткенде деле айдоочунун чөнтөгүндө 1000 сом каларын, бул деген айына 20 миң сом дегенди билдирерин, мындай айлыкты мугалимдер түшүндө да көрө электигин, ошондуктан бензин канчалык көтөрүлгөн күндө деле ушундай шартта жол кирени кымбаттаткандык туура чечилбегендиги айтылат.

х х х

Гезит мындан тышкары, жакын арада Бекназаровго каршы мамлекет башчысына кол салууга даярдык көргөн деген айып тагылышы ыктымалдыгын, Бакиев бийлиги ушинтип чындык дегенде, кыргыз дегенде тикесинен тик турган кыргыздын баатыр уулу Бекназаровдун башын жутканы калганын эскертип, айрым жарандардын бул боюнча оюн сурамжылаганда саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев, дал ушундай күнөө же сынган мылтыктын сабы менен Топчубек Тургуналиев Акаевге кол салат деп кармалып, түрмөгө кеткенин, азыр да ошол эски ыкма менен Азимбекти камайбыз деп жатышканы жеткен дөөпөрөстүк аракет экенин, бир кезде тамакты чогуу жеп жаткан жеринен президент кылган киши эми аны “мени өлтүргөнү жатат” деп күнөөлөп олтурганы акылга сыйбаган иш экендигин, ажонун фантазиясы аз жасакерлери айласы кеткенде ушуну ойлоп табышканын айтты.

“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев, бийлик туура саясат жүргүзө албаганын, жерлер сатылганын, эми энергетика сатылганы турганын, баарын саткан бийлик элден коркуп, эл колдогон уулдарынын көзүн тазалай баштаганга өткөнү калганын, анткени милийсасы да, соту да колунда турганын, УККны баласы бийлеп олтурса, милийсаны үкөсү бийлеп жатканын, булар Кыргызстанды үйбүлөлүк Кыргызстан кылабыз деп турганын, кечээ Москвадан келгенин, ал жактагы кыргыздар ушул бийлик мамлекетти тозутат деп айтып жатканын айтып жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG