Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Ж.ЖЭЭНБЕКОВ: ЖАҢГАКТАРДЫ ӨРТТӨӨ ЧЕЧИМИ КАБЫЛ АЛЫНГАН БОЛЧУ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Жогорку Кеңештин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/06C84BAE-CBA2-4C31-AEC2-543377A6A63E.asp имаратын оңдоп түзөөгө байланышкан маселе парламенттин бүгүнкү жыйынында дагы козголоору кабарланууда. Бул боюнча “Азаттык” үналгысына Социал-демократтар партиясынан шайланган депутат, парламенттин Жер, агрардык жана экология маселелери боюнча комитеттин төрагасы Жусупжан Жээнбеков маек куруп берди.

-Жусупжан мырза, төрага Адахан Мадумаров парламент имаратын заманбап жасалгалоо зарылдыгын белгилөөдө. Ага 40 миллион сомдон ашуун каражат керектелет экен. Сиздин оюңузча азыр ошондой оңдоп түзөөнүн канчалык зарылдыгы бар?

-Чынын айтайын, суммасын уккан эмесмин. Азыр силерден угуп жатам. Бирок анча-мынча техникалык ремонт жасайбыз деп кечээ күнү комитетте төрагалар чогулганда айтылган бул сөз. Бирок 40 миллион өтө эле көп го.

-Бул маселеден улам кечээ төрага Адахан Мадумаров менен президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов маалымат каражаттары аркылуу бири-бирине кайчы пикирлерди айтышты. Сиздин баамыңызда бул талаш кандай чечилиши ыктымал?

-Эми экөө эмнеге мындай болуп жатат анысын мен билбейм, түшүнгөн жокмун. Анан илгерки уламыш бар го, падыша жакын жардамчысынан “мен үчүн өлөсүңбү?” деп сураса, “сиз үчүн өлөм” деп жооп берген экен. Анан кийин “анда бул аскадан секир” деген экен, анда жардамчысы “ээ, падышам, алдыңыздан эч качан чыккан эмесмин. Сиз секирип көрүңүз, мен секиришти билбейм”, деген экен. Президенттин жака белинде ошондой кадрлар бар.

-Бул жерде ошол уурдалган жаңгак уюлдарын парламент имаратын жасалгалоого пайдалануу боюнча дагы сөз болуп жатат. Бирок бул үчүн тиешелүү мыйзамды өзгөртүү керек. Ушул боюнча эмне айта аласыз?

-Жок, биз кошумча-алымча өзгөрттүк. Бирок ал жерде 186 куб уурдалган жаңгак балдар үйүнө, интернаттарга, карылар үйүнө жана анча-мынча мектепттерге багытталсын деп комитетте караганбыз. Уурдалган 124 тонна жаңгак уюл бар. Ал үч айдан кийин керектен чыгат. Анан кийин биз мунун бардыгы өрттөлсүн дедик. Булар 2-3 жылдан бери турат, анан керектен чыгат.

Азыр биз кошумча мыйзам кабыл алдык, ошол Кыргызстандын аймагынан каптар чыкпасын, өрттөлсүн, ал эми жаңгактардын жыгачы, кызыл карагайлар Кыргызстандын ичинде иштетилип, башында атап кеткен мекемелерге иштетилсин деп биз өкмөткө тапшырма бердик. Ал эми кайда иштетет өз эрки, “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” демекчи. Бул жагын карап туура иштетиш керек.

-Ушул уюлду пайдаланабыз деген шылтоо менен мыйзамды өзгөртүү эртең жаңгак уюлун уурдоону жандандырат деген пикирлер аз эмес. Ушуга кандай карайсыз?

-Биз дагы комитетте өтө кылдааттык менен карадык. Дал ушул уурдалып турган жаңгактар иштетилсин, эгерде башка дагы уурдала турган болсо, аны ошол жеринде өрттөмөй чечимин чыгарганбыз. Экинчи уурдабасын, Өзбекстан болобу, Казакстан болобу, эч жакка сатылбасын деп буга катуу мораторий койгонбуз.

-Учурда уурдалган канча жаңгак уюлу кармалып турат?

-Азыр 128 тонна жаңгак бар. Бул 2-3 жылдан бери сакталган жаңгак. Бажы кызматына, прокуратурага, ИИМге бүт бардыгына комитетте чогуу караганда айталган. Булар Кыргызстандын аймагынан чыкпасын, өрттөлсүн, комиссия түзүп, атайын Жалалабатка барып, ММК аркылуу элге көрсөтүлүп, элдин көзүнчө өрттөйбүз дегенбиз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG