Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

БАКИЕВДИН ӨМҮРҮНӨ КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН БЕКНАЗАРОВБУ?


Аманбек Жапаров, Бишкек Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитеттин төрага орунбасары Турдубек Алмаматов президент Курманбек Бакиевдин өмүрүнө кол салуу күзгө чейин болот деген сөздү мага тагып эскерткени чагым, деп билдирди “Асаба” партиясынын мурдагы төрагасы Азимбек Бекназаров --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/BDBB474B-CCC6-409B-A5AA-13DBF47B770E.asp бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, бул маселенин артында атайын кызмат же кандайдыр бир үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн. Ошондуктан коомчулук өлкө башчысынын өмүрүн коргоого тикесинен тик турушу керек, дейт Бекназаров. Бул маселеге байланыштуу Коопсуздук кызматы “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.

20-майда саат ондо Мамлекеттик коопсуздук боюнча кызматынын биринчи орун басары Турдубек Алмаматов жолдоштук сүйлөшүү, же болбосо эскертүү сүйлөшүүсүн өткөрдү, деп билдирди белгилүү оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, бул сүйлөшүүнүн максаты жакын арада президент Курманбек Бакиевдин өмүрүнө кандайдыр бир кол салуу болот деген мааниде болуп өткөн.

Коопсуздук кызматтын төрага орунбасары: «Президентти күч менен жок кылуу керек деп айтат экенсиз, аны силердин Революциялык комитет күзгө чейин ишке ашырабыз деп коомчулукта кеп кылат экенсиңер. Биз ошону жолдоштук сүйлөшүү иретинде эскертип коелук дедик», - деп айтты.

Мунун артында коркунучтуу нерсе тургандыгынан чочулап, коомчулукка билдирүүнү туура көрдүм дейт саясатчы.

- Бул мага карата даярдалган чагым. Эгерде ошону даярдаган атайын кызматтын операциясы ишке ашса дагы, ашпаса дагы Бекназаров күнөөлүү болуп калат. Бул менин жеке версиям. Экинчиси, мүмкүн эки-үч адамды таап “Ооба, Бекназаров бизге ушинтип айткан”, - дедиртип баягы Топчубек Тургуналиевди 1999-жылы 16 жылга кесип жибергендей, Бекназаров ушундай ишти уюштурган деп соттотуп жибериши ыктымал.



Бекназаров белгилегендей өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начарлашынан Бакиевдин аброю күн өткөн сайын төмөндөп баратат. Ошондуктан саясий-технологдор президенттин кадыр-баркын көтөрүү максатында ага атайын кызматтар аркылуу кол салуу акциясын уюштурушу мүмкүн. Балким мунун артында үчүнчү күчтөрдүн да болушу ыктымал деген божомолун кошумчалады Бекназаров.

- Балким кандайдыр бир үчүнчү күч болушу мүмкүн. Ошол үчүнчү күч буга кызыкдар. Азыркы президентти жок кылып, анан мага “стрелканы” буруп коюшу мүмкүн.

Бекназаров эч качан Курманбек Бакиевди күч колдонуп жок кылууга чакырбаганын жана мындай ойдон алыс экендигин белгилеп, коомчулукту президенттин өмүрүнө коркунуч түшкөн учурда колдоп, коргоп алууга үндөдү. Ал ошондой эле Бакиевдин кетирген кемчиликтерин сынга аларын, Аксы окуясы, энергетика тармактары, менчиктештирүү боюнча анын күнөөлөрү аныкталса соттотуу керектигин айтты. Бийликтин кемчилигин ар дайым ачык айтып, Коопсуздук кызматынын эскертүүсүнө карабай күрөштү улантуудан баш тартпасытыгын кошумчалады.

Ал эми “Асаба” партиясынын төрагасы Советбек Жамалдинов болсо, Акаевдин бийлигин кулатууда негизги ролду ойногон, элдин кызыкчылыгы үчүн башын “баталгага” коюп кызмат кылып жүргөн оппозициянын белгилүү лидерлеринин бири Бекназаровду аталган партия колдошорун билдирди. “Асабанын” жетекчиси Бекназаровго карата Коопсуздук кызматтын эскертүүсүн, анын саясий ишмердигине байланыштырды.



Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дооронбек Садырбаев Коопсуздук кызматы өлкөнүн ички, тышкы коопсуздугун камсыз кылуунун ордуна, өз атуулдарынан душман издеп, ыпылас иштерге баруудан кайра тартпайт деген көз карашта:

- Коопсуздук кызматы кандайдыр бир кызматты иштеп жатабыз. Милициялардан, аскерлерден эки-үч эсе жогору айлык алып атышкандарды президент сурайт да эмне кылып жүрөсүңөр деп. Анан аны акташ үчүн бечара Жыпар Арыкова деген кызды жөндөн-жөнү жок эле экиби-үч жылга кестирип жиберишти. Эми дагы өздөрүнүн иштеп жатканын далилдеш үчүн президентке кол салат экен деп коркутуп жатышат.

Ал эми Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитеттин басма сөз кызматы Бишкекте КМШ мамлекеттеринин коопсуздук жана атайын кызматтарынын 24-жыйыны болуп жаткандыгын шылтоолоп, Бекназаровдун билдирүүсүнө карата “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG