-Бегалы мырза, төрага Адахан Мадумаровдун парламент имаратын заманбап жасалгалоо демилгеси бир топ карама-каршылыктарды жаратты. Сиздин оюңузча азыркыдай шартта ошондой оңдоп түзөөнүн канчалык зарылдыгы бар?
-Мен ойлойт элем азыр аны оңдоо керек, бирок биздин өлкөдө азыр түзүлгөн экономикалык жана саясий абал учурунда бул кичине туура эмес болуп калууда. Мен бул оюмду кечээ дагы билдирдим. Муну башкача жол менен жасоо керек эле. Бюджеттен 40 миллион сом акча сурабаш керек болчу. Анын үстүнө альтернативдүү каржы булактары бар экен. Ошондой эле бюджеттен бөлүнгөн акча дагы бар экен.
Бир гана биздин жетекчиликтин жаңылыштыгы - бюджеттен кошумча 40 миллион сом акча сурашкан. Ошон үчүн ушундай ызы-чуу көтөрүлүп жатат. Эгер ошону сурабай эле, өзүбүздүн бюджеттин ичинде, же болбосо башкача каражаттар, демөөрчүлөр аркылуу чечилсе, мындай ызы-чуу көтөрүлбөйт эле деп ойлойм.
-Кечээги талаштан улам “Ак жол” фракциясында чоң ажырым байкалганы айтылууда. Бул талаштын арты сиздин оюңузча кандай бүтчүдөй?
-Менин оюмча, бул ажырым эмес. Мен кээ бир ушундай коомдук пикирлерге таң калам. Биз “Ак жол” фракциясы бардыгыбыз окшош добуш берсек, булар робот сыяктуу айтканды жасай берет, дешет. Анан ар ким өз пикирин айтса эле ажырым деп чыгышат. Мен ойлойм бул нормалдуу көрүнүш. Кандай гана үйбүлө болсо дагы ар түрдүү талаш-тартыштар, ар түрдүү пикирлер болот. Бул мен ойлойм эч кандай ажырымдын белгиси эмес.
Болгону биздин фракциянын эки лидери өз ара эрегешүүгө чыгып алды. Бул биздин спикер Адахан Кимсанбаевич менен фракциянын лидери Элмира Султановна. Булар башында бири-биринин иш-аракеттерине сын көз караш менен карашып, ошону фракциянын деңгээлине көтөрүп жиберишти. Анын үстүнө парламенттин деңгээлине дагы чыгарып жиберишти.
Менин эсимде, Элмира Султановнанын талапкерлиги фракциянын жетекчилигине көрсөтүлүп жатканда Адахан Мадумаров бир сын сөз айтып койгон. Бул фракциянын лидери деген оратор болуш керек, көзгө көрүндүү жана барандуу болуш керек, деп. Ошол күндөн башталган тымызын тирешүү кээде ушинтип чыгып кетип жатат. Бирок муну фракциянын ичиндеги ажырым деп эсептебейм. Бул биздин лидерлердин өз ара эрегишүүсү. Ошон үчүн кечээ бир кесиптешим туура айтты, жанагындай бири-бири билген маалыматты жашырып туруп, анан сессияда ачыкка чыгарбай, бири-бири менен чогуу иштешсе болот эле деген маанайда.
-Ошол эле учурда бул талаштын артында саясий күчтөрдүн тиреши жатат деген пикирлер жок эмес да коомчулукта. Төрага Адахан Мадумаров да кечээ өзүнө ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө маселесин добушка коерун, буга көптөн бери жете албай жүргөндөргө жол ачып бере тургандыгын кыйытты. Сиздин оюңузча бул окуянын артында ушундай саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы, тирешүүсү барбы?
-Саясий күчтөрдүн тирешүүсү бар, ошонун айынан биздин фракция бир аз жапа чегип жатат. Саясий күчтөрдүн тирешүүсү бар. Ошол кечээги ар түрдүү көз караштардын кагылышуусунда кандайдыр бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыктары бар болгону билинди. Бирок мен ойлойм саясий күчтөрдүн негизги багыттары бир. Мен алар тил табышат жана компромисске барышат го деген ойдо турам.
-Маегиңизге ырахмат.