Талдоочулар баамында Кремль бийлиги мамлекеттик корпорацияларды уюштуруп атып коомчулукка аны менчиктештирүүгө атаандаш болсун деген максатта уюштурганын айткан. Бирок андай түзүлүштөргө жалаң гана Путиндин тегерегиндеги кишилер жетекчи болуп дайындалышкан. Ошондуктан аларды мамлекеттин ичиндеги дагы бир мамлекет деп мүнөздөшөт.
Андай корпорацияларга ортодон акча каражаты бөлүнүп, бирок анын кайда кетип, кантип коротулушу туурасында эч ким сурай албайт. Анын бир мисалы катары быйыл 24-мартта орус өкмөтүнүн ошондой, жаңы уюшула баштаган эки мамлекекттик корпорациялар: нанатехнология менен турак жай чарбасын кайра жаңыртуу түзүлүштөргө ири банктардын казнасынан каражатар бөлдүртүүнү айтышат. Ошондо өлкөнүн каржы министри Алексей Кудрин «бери дегенде 340 миллиард рубль» бөлүнөт деген эле.
Мамлекеттик корпорациялардын кайсы бирлери кагазда, долбоор кезинде эле ортолук каражат бөлүнө баштаары маалым болот. Анан ал каражаттар ошол түзүлүштү тейлеген, дегинкиси, мурдагы президент Владимир Путиндин жакшы санаалаштарынын өз билгениндей жасары айкын болот.
Бул туурасында «Азаттыктын» суроосуна жооп берген көз карандысыз серепчи Алексей Полухин мындай дейт:
-Ошончо болуп көрбөгөндөй ири каражатты өзү билгендей колдонууга президент дайындаган корпорациянын жетекчиси гана акылуу.
Алексей Полухин кийин мамлекеттик корпорацияга деп бөлүнгөн каражат кантип аны тейлеген жетекчинин менчигине айланып кетерин айтат.
Орусиянын жамы журт намыянынан чыгарылып түзүлгөн ортолук акчанын бир бөлүгү ошентип чачылып жатышын серепчилер байма-бай айтып келет. Ошондуктан Путин доорундагы Кремлдеги чиновниктер ага белчесинен малынып калышканын «Новая газета» жазат. Ал жерде келтирилген мисалда, азыр да Орусиянын бийлигин аркалап турушкан аткаминерлер: Николай Патрушев, Игорь Сечин, Дмитрий Медведев, Владислав Сурков, Алексей Кудрин жана башкалар үйбүлө мүчөлөрүнүн кимиси кайсы мамлекеттик корпорацияда, кайрымдуулук корлору же өз алдынча ишкердикте экенин айкан.
Андай түзүлүштөрдү «Коммерсант» басылмасынын талдоочусу Максим Кваша маалымдады:
-Биз мамлекеттик корпорациялардын жүргүзүп жаткан саясатын билбейбиз. Алардын ишкердиги тунук эмес. Алар менчик компаниялар менен мелдешке түшүшпөйт. Алар мелдештен сырткары болгон түзүлүш.
Ал эми айрымдары аларды орус бийлигинин колдоосун таап, мамлекеттин эсебинен байып жаткандар дешүүдө.