Мындай чечим 23-майда өткөн жыйында кабыл алынып, ажылыкка барчу жарандардын сапарын уюштуруу боюнча оперативдүү штаб түзүү Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды. Ал эми мусулмандардын диний башкармалыгы сапарга чыкчулардын тизмесин казыяттар аркылуу тактап, каалоочуларды кезек боюнча тизмектөө мечиттерде жүргүзүлмөк болду. (BD)