Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

ОШТО “АК ЖОЛ” ПАРТИЯСЫНЫН ОБЛУСТУК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ


Жалаң бийлик өкүлдөрү жана активисттер катышкан “Ак жол” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/F4896628-1FC2-444B-8FC4-780F1E482B5D.asp партиясынын облустук жыйынында уюмдун ийгилик-кемчиликтери белгиленип, жумурай журтту президент Бакиевдин тегерегине тыгыз баш кошууга үндөгөн кайрылуу кабыл алынды. Башка партиялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү эксперттер Кыргызстан көп партиялуулук системасын талкалап, авторитаризмге ооду деп кыжаалат.

«Ак жол» партиясынын Ош облустук төрагасы Авазбек Шамшиев саясий уюм кыска мөөнөттө активдүүлүгүн көрсөтүп, ири ийгиликке жетишкендигин, Жогорку Кеңештин 90 пайызы алардын өкүлдөрүнөн куралгандыгын маалымдап, күздөгү жергиликтүү шайлоолордо дагы ушундай чекти багынтуу керектигин белгиледи. Ошол эле учурда партиялаштары - губернатор, акимдер, айыл өкмөттөрү эл менен начар иштешип жаткандыгын жар салды.


- Координаторлор баштапкы партиялык уюмдардын катчылары, партиянын катардагы мүчөлөрү дайыма эле элдер менен тыгыз иштей беришпейт. Бүгүнкү активде урматтуу партиялаштар атайын өкмөт башчылар, райондук жана облустук жетекчилер чакырылган. Ылдыйдан сунушталып президенттин макулдугу менен кызматка дайындалышкан. Азыркы партиялык системага өткөндөн кийин биз партиянын жиберген кадрлары деп эсептейбиз. Бирок ошол эле убакта жеке бир партиянын кызматкерлерин сыйлабасаңар эсептешпегиле. Бирок партияны сыйлаш керек жана аны менен эсептешиңиздер керек.

Ош облус губернатору Аалы Карашев жеке кызыкчылыгын ойлогон айрым мансапкорлор «Ак жолго» мүчө болгондугуна күйүнүп, алардан арылууга мезгил жетти деген пикирин билдирди.

- Өзгөчө маанилүү маселелердин бири катары партиянын мүчөлөрүнүн тазалыгы тууралуу маселеге токтоло кетүүнү зарыл деп эсептейм. Тилекке каршы “акжолчулардын” катарында жеке кызыкчылык, карьера үчүн кирип калгандар да жок эмес. Чечкиндүү аракеттерди көрүүнүн мезгили келди деп айтсам жаңылышпайм.

«Ата Мекен» партиясынын Оштогу лидерлеринин бири Абдыкайым Кангелдиев «Ак жол» миң жан үрөсө да Совет доорундагы коммунисттик партиядай боло албастыгын, мындай бүтүмдү партия лидерлеринин акыркы чатагы айгинелеп тургандыгын эске салды.

-“Ак жол” партиясынын азыркы жүргүзүп жаткан иш-аракеттери бул Кыргызстандагы мурдагы Коммунисттик партиясынын диктатурасынын ордун басабыз деген ой калтырып турат. Коммунисттик партия дүркүрөп күчүндө турган мезгилде да Кыргызстанда мынчалык деңгээлдеги партиянын мүчөсү болгон эмес экен. Адахан Мадумаров менен Чолпон Баекованын экөөнүн позициясы бир, идеясы бир, максаты бир, аткарган кызматтары бир деп ким айта алат. Ошол эле учурда Ибраимова менен Эрнис Акрамовду, же болбосо Эрнис Акрамов менен Адахан Мадумаровду булар “Ак жол” партиясынын лидерлигине жеке өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн мажбур түрүндө уюшулган деп ойлоп жатам.

Ушул ойду улаган ноокаттык мугалим Акылай Абдырахманова «Ак жолдон» куралган парламенттин деңгээли төмөндүгүн айтып, партия бийликтин күчү менен гана санын көбөйтүп, кармалып тургандыгын айтты.

- Менин юмча “Ак жол” партиясынын келечеги жок эле деп эсептейм. Мурунку парламентке салыштырмалуу булардын деңгээли өтө эле төмөн. Булар өзүнүн пикирин да айта албайт, оюн да айта албайт. Бийликтин күчү менен уюшулган жана анын күчү менен кармалып турган партия деп эсептейм.

Оштук серепчи Жанарбек Акаев Кыргызстандагы ондогон жылдар бою
калыптанган көп партиялуулук принциби бузулганына тынчсызданып, “бийликтин бардык бутактарын жалгыз партиянын ээлеп алышы авторитаризмге жол ачууда”, деп кыжаалат болот.

- Парламентте бир партиялуулуктун үстөмдүүлүк кылышы бул саясий пюрализмдин жок болуусуна алып келет. Бул деген авторитаризмге жол койгондугун билдирип турат.

XS
SM
MD
LG