Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

28-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Пишпек Элдик депутаттар кеңешинин аткаруу комитети 1919-жылы Беловодск козголоңунда курман болгон контрреволюционерлердин үйбүлө мүчөлөрүн куугунтуктоого тыюу салган чечим чыгарды. Пржевальск шаары 1919-жылдын 28-майында козголоңчу ак гвардиячылардын камоосунда калган.

Пишпек Элдик депутаттар кеңешинин аткаруу комитети 1919-жылдын 28-майында Беловодск козголоңунда курман болгон контрреволюционерлердин үйбүлө мүчөлөрүн куугунтуктоого тыюу салган чечим чыгарды. Кеңешчилердин чечиминде көрсөтүлгөндөй, контрреволюционерлер үчүн алардын балдары жана аялдары жооп бербеш керек. Алар саясий системага ылайык Совет бийлигине каршы чыккандыгы баса белгиленген. Эгер алардын аялдары кандайдыр бир контрреволюциячыл кыймылга катышпаса, алардын үйбүлөсүнө социалдык жардам көрсөтүү маселеси көтөрүлгөн.

Пржевальск уездинин оперативдүү-саясий коргоо штабынын 1919-жылдын 28-май күнкү билдирүүсүнө караганда, Пржевальск шаары козголоңчу ак гвардиячылардын камоосунда калган. Ак гвардиячылар шаарды басып алыш үчүн болгон аракет жасап, туш тараптан чабуул коюп баштаган. Жергиликтүү бийлик абалды оңдош максатында борбордон кызыл аскерлерди жардамга чакырган.

Кыргызстан мугалимдеринин 1925-жылдын май айында өткөн кезектеги жыйынынан кийин билим коомчулугу бул күндөрү Касым Тыныстанов сунуш кылган жаңы кыргыз алфавити тегерегинде кызуу талкууга киришти. Касым Тыныстановдун көз карашына караганда жаңы шартта эски араб ариби кыргыз тилинин тыбыштык жана техникалык өзгөчөлүктөрүн толук чагылдыра албай калган. Окумуштуу кыргыз тилинин келечек өнүгүсүн камсыз кылыш үчүн латын алфавитин кабыл алуу мезгил талабына жооп бермек. Касым Тыныстанов ал үчүн билим адамдарына латын алфавити кандай жеңилдиктерди алып келет, кыргыз калкы жаңы тамганы үйрөнө алабы сыяктуу суроолорду койгон.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлердин кеңеши 1929-жылдын бул күндөрү Жумушчулар шаарчасында орун алган баш аламандыкка каршы чечкиндүү чара көрүүгө киришти. Шаардык кеңештин чечимине ылайык Жумушчулар шаарчасынын көчөлөрү иретке келтирилип, үйлөрдүн номурлары белгиленип, арыктагы сууга кир жууганга тыюу салынган.

Фрунзе шаардык кылмыш иликтөө кызматы 1929-жылдын бул күнү М. Барская аттуу кылмышкерди кармагандыгын билдирди. Тартип коргоо кызматкерлеринин билдирүүсүнө караганда М. Барская Краснорской, азыркы Куйбышев көчөсүндө орун алган үйүндө бир канча жыл аралыгында социалисттик моралга туура келбеген адепсиз иштерди жасап келген.
XS
SM
MD
LG