Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

30-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1667-жылы Энесайдагы кыргыз мамлекетинин өкүмдары Еренак жунгарлар менен биргелешип орустардын Красноярск гарнизонуна чабуул койгон. 1948-жылдын бул күнү Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети «советтик патриотизмге тарбиялоодо кетирилген оор каталыктардын» бетин ачты.

Энесайдагы кыргыз мамлекетинин өкүмдары Еренак 1667-жылы жунгарлар менен биргелешип орустардын Красноярск гарнизонуна чабуул койгон. Гарнизонду 376 адам кайтарып, чабуулдан алар оор жоготууга дуушар болушкан. Гарнизон жоокерлеринин 39-өлүп, 203-жаракат алып, 49 адам кыргыздар тарабынан туткундалган.

«Туркестанские ведомости» гезити 1889-жылы беймаалым кыргыз жазган макаланын орусча котормосун жарыялады. Макала автору Пишпек жана Пржевальск уездинде өткөн элдик соттордун, т. а. бийлердин курултайы жөнүндө маалымат берген.

Кыргыз калкынын каарман атуулу, Советтер союзунун баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 1922-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген. Д. Асановдун киндик каны Атбашы районунун Башкайыңды айылына таамп, ал Улуу Атамекендик согуштан кийин 1-Ульяновск танкалык аскер училищесин, Ташкент жогорку танкалык училищени, аскер-саясий академиясын ийгиликтүү бүткөргөн. Улуу Атамекендик согушта Түштүк-Батыш, Воронеж, Дон, Сталинград, Степь, 2-Украина фронтторуна катышкан. Дайыр Асанович отставкага 1994-жылы генерал-майор даражасында кеткен.

Тажрыйбалуу сибирдик алтын издегич Петр Архипов 1936-жылы үстүңкү Нарындан алтын кенин издеп баштаган. П. Архиповдун изденүүсү текке кетпей, Кумбел жеринен алтын чыккан. Биринчи тазалоодон соң мамлекетке алтын тапшырылып, П. Архиповго болсо, «Нарындагы алтын кенинин биринчи ачуучусу» деген расмий документ тапшырылган.

Кыргызстан (большевиктер) Компартиясынын Борбордук комитети 1948-жылдын бул күнү «советтик патриотизмге тарбиялоодо кетирилген оор каталыктардын» бетин ачты. Патриотизме залака келтирген деп «ачыкка чыгарылган» окумуштуулардын көч башына С. М. Абрамзондун «Очерки истории киргизской культуры» эмгеги коюлган. Мындан тышкары, Байжиев, Бектенов, Саманчин, Самарин жана башка «бир канча фрунзелик окумуштуулардын» эмгектери зыяндуу чыгармалардын тизмегине алынган.

Фрунзе шаардык эмгекчилер депутаттарынын Кеңеши 1954-жылдын бул күнү борбор шаардын борбордук көчөлөрүндө унаа арабалардын жана оор жүк ташыган машиналардын жүрүшүнө тыюу салган чечим чыгарган.

Бу күнү, 1778-жылы улуу ойчул, француз жазуучусу, агартуучу жана тарыхчы Франсуа Вольтер жарык дүйнөгө келсе, 1960-жылы улуу орус акыны жана жазуучусу Борис Пастернак дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG